Коопсуздук кеңеши сот менен күч түзүмдөргө бир нече милдет жүктөдү. Тизме

Жазылуу
Жогорку сотко келген арыздарды кечиктирбей кароо сунушталса, Башкы прокуратурага шайлоого байланышкан мыйзамсыз көрүнүштөргө өз убагында чара көрүү тапшырмасы берилди.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. 1-сентябрь күнү өткөн Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар каралып, сот менен күч түзүмдөргө бир катар милдеттер жүктөлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган.

Жогорку сотко төмөнкүлөр сунушталды:

  • шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча келип түшкөн доо арыздар, даттануулар жана кайрылуулар өз убагында каралсын жана процесстик чечимдер кабыл алынсын;
  • 1-октябрдан 10-октябрга чейинки мезгилде судьялардын жана сот органдарынын кызматкерлеринин нөөмөтү уюштурулсун.

Бизде административдик ресурсту колдонуу мүмкүн эмес. Жээнбеков шайлоо тууралуу

Башкы прокуратурага төмөнкүлөр сунушталды:

  • мыйзамдар шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан так жана бирдей аткарылышын талаптагыдай көзөмөлдөөнү камсыз кылуу;
  • арыздарды жана даттанууларды, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда жарыяланган билдирүүлөрдү кароону уюштуруу;
  • ИИМ жана УКМК менен биргеликте тийиштүү маалымат алмашууну камсыз кылуу жана прокуратуранын иши тууралуу элге маалымдоо менен шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, укук коргоо, фискалдык органдардын жана аскер кызматкерлери тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга, саясий партиялардын ишине катышууга же көмөк көрсөтүүгө тыюу салуу. Белгиленген чектөөлөрдү сактабаган фактыларды болтурбоо, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишти активдештирүү;
  • мыйзам талабына ылайык даттанууларды жана кайрылуулардын өз убагында каралышына жана чечимдердин кабыл алынышына көзөмөлдү күчөтүү;
  • жогоруда көрсөтүлгөн сунуштамаларды ыкчам жана өз убагында чечүү үчүн 1-октябрдан 10-октябрга чейинки мезгилде прокуратура органдарынын кызматкерлерин күнү-түнү нөөмөткө коюу;

Коопсуздук кеңеши: партиянын пайдасына иштеген аткаминер жазаланат

ИИМ менен УКМКга төмөнкүлөр сунушталды:

  • 10-сентябрга чейин Башкы прокуратура менен биргеликте шайлоонун бардык мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча оперативдүү штаб түзүү;
  • шайлоо участкаларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугуна кам көрүү;
  • терс жана деструктивдүү тышкы жана ички таасир этүүнү, өлкөдө көз карандысыз жана демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө кызыкдар болбогон жактардын кийлигишүүсүн болтурбоо;
  • трансулуттук, диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын аракеттерине ыкчам чара көрүү;
  • шайлоо бюллетендерди шайлоо участкаларына жеткирүүнү жана аларды кайтарууну камсыз кылуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0