Коопсуздук кеңеши: партиянын пайдасына иштеген аткаминер жазаланат

© AFP / Justin Sullivan / Getty ImagesЯрмарка вакансий для ветеранов вооруженных сил в Сан-Франциско
Ярмарка вакансий для ветеранов вооруженных сил в Сан-Франциско - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган жыйындын соңунда бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилген.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны өтүп, парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселени карады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылып, анын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынган.

Бизде административдик ресурсту колдонуу мүмкүн эмес. Жээнбеков шайлоо тууралуу

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин башчыларына жана кызматкерлерине төмөндөгүдөй тапшырма берилди:

  • шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө тыюу салуу;
  • Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин же саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга жана алардын пайдасына кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга бөгөт коюу;
  • жогорудагы талаптарды сактабагандарга ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жазага жана башка жоопкерчиликке тартуу;
  • талапкерлердин, саясий партиялардын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн жана ишенимдүү адамдардын үгүт иштерин эркин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
  • шайлоону ачык-айкын жана демократия принциптеринде, укуктук мейкиндикте талаптагыдай уюштурууга толук чараларды көрүү;
  • энергетика системасынын жана телекоммуникация системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, зарыл болгон учурда генератор менен жабдуу;
  • чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жайгашкан шайлоо участкаларынын ишин туруктуу негизде координациялоо.

Эл эмитеден нааразы! Жээнбековдун шайлоону өткөрүү боюнча жыйыны аяктады

Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкүлөр сунушталды:

  • өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бардык даярдоо, шайлоо жана шайлоодон кийинки процесстердин ачык-айкындуулугун камсыздоо;
  • шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо же алардын эркине каршы таасир этүүнү болтурбоо;
  • партия лидерлери, саясий кеңештери жана өкүлдөрүнө техникалык жана башка шайлоо жол-жоболору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Мындан сырткары, Коопсуздук кеңеши 25-сентябрга чейин шайлоо участкаларында дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүгө жана санитардык эрежелердин так сакталышына шарт түзүүгө милдеттендирди. Саламаттык сактоо министрлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте шайлоону өткөрүүгө катышып жаткан бардык адамдарды жеке коргонуу каражаттары менен камсыздамай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0