Жогорку Кеңештин депутаттары чогулуп сессияны расмий түрдө ачты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДеятельность Жогорку Кенеша
Деятельность Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спикер бүгүн-эртең комитеттерде иштей турганын айтып, өкмөттүн өкүлүнө маанилүү мыйзамдар болсо кароого киргизүүнү сунуштады.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары каникулдан кийин жумушка чыгып, сессияны расмий түрдө ачышты.

Эл өкүлдөрү бүгүн жалпы жыйындар өтүүчү чоң залга чогулуп, Кыргыз Республикасынын гимни менен расмий түрдө ачты. Андан соң пандемия маалында каза болгон кыргызстандыктарды жана кесиптеши Чыныбай Турсунбековду эскерип, бир мүнөт аза күтүштү.

Жогорку Кеңешке жаңы үч депутат келип, экөө мандатынан ажыратылды

Андан соң төрага Дастан Жумабеков депутаттар бүгүн-эртең комитеттерде иштей турганын айтып, өкмөттүн өкүлүнө маанилүү мыйзамдар болсо кароого киргизүүнү сунуштады.

Ал эми жалпы жыйынга бейшембиде, 3-сентябрда, жалпы жыйынга чогулат.

Белгилей кетсек, бул жылы парламенттик шайлоого байланыштуу 4-сентябрдан тарта үгүт иштери башталат. Мындан улам эл өкүлдөрү 3-сентябрга чейин гана иштешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0