Жээнбеков шайлоого аттанган саясатчыларды жоопкерчиликти унутпоого чакырды

Жазылуу
Мамлекет башчы өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылып, өз укугун таңуулап, бирок башканын укугун тааныгысы келбеген саясатчылар бар экенин айтты.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Баарыбыз ынтымакта, алдыдагы олуттуу саясий сыноодон тынч, ызы-чуусу жок, дүйнө элине уят болбогондой өтүшүбүз керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчы шайлоого катышам деген саясатчылар жоопкерчилигин эстен чыгарбай, терең түшүнсө деген оюн ортого салды.

"Туура, менден коомчулук, жарандарыбыз, элибиз, ошол эле саясатчыларыбыз таза, ачык шайлоону талап кылып жатышат. Талап кылганды билгендер өз милдетин да билиши керек. Болбосо, бизде мыйзамдуулукту талап кылып, өз укугун таңуулап, бирок башканын укугун тааныгысы келбегендер да бар", — деди Жээнбеков.

Бизде административдик ресурсту колдонуу мүмкүн эмес. Жээнбеков шайлоо тууралуу

Ошондой эле мамлекет башчы шайлоонун таза, ачык өтүшү президенттен же Борбордук шайлоо комиссиясынан гана көз каранды эмес экенин белгилеп, бардык саясатчыларды жоопкерчиликке, мекендештерди саясий зиректикке чакырды.

"Демократия — бул көпчүлүккө азчылык баш ийүүсү менен күчтүү. Бизде кээде көпчүлүк чечип жатса дагы азчылык "жок андай эмес" деп башка, радикалдуу жолун издеп, көпчүлүккө өзүнүн оюн таңуулагандар болуп жатат... Баарыбыз ынтымакта, бул олуттуу саясий сыноодон тынч, ызы-чуусу жок, дүйнө элине уят болбогондой өтүшүбүз керек", — деп кайрылды ал.

Жээнбеков: мага чейинки президенттер түзгөн партиялар аларды сактап калган жок

Соңунда Жээнбеков президент катары шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө эмне талап кылынса, аларды аткарып жатканын жана аткара берерин убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0