Путин Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын тааныганын айтты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болгон.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын Москва тааныганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Россия 1" телеканалына берген маегинде Путин "Москва шайлоо болду деп таанып, ошого жараша иш кылынып жатканын айтты", — деп жазылган кабарда.

Украина ТИМи Беларусь менен бардык байланышын токтотконун жар салды

Эске салсак, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен.

Республикада башталган каршылык акциялары күч түзүмдөрү тарабынан басылып келген. Алгач нааразы болгондорго каршы көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундурган граната жана желим октор пайдаланылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0