Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки протоколго кол коюлду

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевКыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөр
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүк делегация мүчөлөрү чек ара маселелерин майнаптуу чечүү боюнча жумушчу топтордун ишин активдештирүүгө макулдашты.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасында делимитация жана демаркация жүргүзүү боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки протоколго кол коюлду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров подписывает протокол после переговоров правительственных делегаций Кыргызстана и Узбекистана по делимитации и демаркации кыргызско-узбекской государственной границы
Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасында делимитация жана демаркация жүргүзүү боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки протоколго кол коюлду - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасында делимитация жана демаркация жүргүзүү боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки протоколго кол коюлду
© Фото / © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПо итогам переговоров правительственных делегаций Кыргызстана и Узбекистана по делимитации и демаркации кыргызско-узбекской государственной границы в городе Ташкент подписано два протокола
Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты
1/2
Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасында делимитация жана демаркация жүргүзүү боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки протоколго кол коюлду
2/2
Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты

Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча өкүлү, өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басарынын рангындагы Назирбек Бөрүбаев аталган маселе боюнча эки тарап ай сайын жолугуп турмай болгондугун айткан.

Мирзиёев өзбек элин Кыргызстан менен сый болууга чакырды

"Тараптар кыргыз-өзбек чек арасында 94,5 чакырымга созулган жердин сүрөттөп жазылган долбоору боюнча бир макулдашууга келип, аны бекитти. Ошондой эле тактала элек 10 тилкенин бири боюнча макулдашуу болуп, ал да бекитилди. Өкмөттүк делегациялардын отуруму конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки протоколго кол коюлду. Алар — топографиялык жумушчу тобунун, чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын документтери. Эки тарап элди түйшөлтүп жаткан чек ара маселелерин майнаптуу чечүү боюнча жумушчу топтордун ишин активдештирүүгө макулдашты. Жыл аягына чейин жолугуп, иштей турган пландардын графиги бекитилди. Эми алар ай сайын жолугуп турмай болду", — деди Бөрүбаев.

Вице-премьер Акрам Мадумаров сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуу болгондугун белгиледи. Ал буга чейин да Ташкент шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугуп, бир топ маселени, анын ичинде чек ара боюнча суроону талкуулаган.

Кадамжай: чек арадагы чатакта ооруканага түшкөн киши каза болду

Кыргыз-өзбек чек арасында эки мамлекеттин жарандарынын чатакташып кеткен учурлары катталып келет. Эң соңкусу 31-майда болгон. Кадамжай районунун Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочулары чатакташа кеткен. Бир нече кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен көз жумгандар да болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0