Жактоочу: БШК "Кыргызстан" партиясынын документин кабыл алган эмес

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүДокументтерди карап аткан адам. Архивдик сүрөт
Документтерди карап аткан адам. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" партиясы шайлоодон четтетилиши боюнча Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. Учурда сот отуруму болуп жатат.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу "Кыргызстан" партиясынын документин кабыл алган эмес. Бул туурасында БШКнын адвокаты Кубат Үмөталиев Бишкек шаардык административдик сотунда судьянын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Белгилей кетсек, "Кыргызстан" партиясы шайлоодон четтетилиши боюнча даттанып, учурда сот отуруму болуп жатат.

"Партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, белгисиз адам документин алып келип таштап кетип калган. БШК документти кабыл алганы туурасында маалым кат эч кимге берилген эмес. "Кыргызстан" документ тапшырды" деп БШКнын сайтына такталбаган маалымат жарыяланган. Аны жакында расмий түрдө төгүндөйбүз", — деди БШКнын жактоочусу.

Шайлоодон дагы эки партия сүрүлүп, бири кылдын учунда турат

Андан соң "Кыргызстандын" лидери партиянын документи келип түшкөнү туурасында БШК сайтына эле жарыяланбай, комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да 24-августта кечинде берген маалымат жыйында айтканын билдирди.

"Кыргызстан" партиясынын шайлоодон четтетилиши

БШК 25-августта "Кыргызстан" партиясынын документтерин артка кайтарып, шайлоого катышуудан четтетти. Буга документти БШКга "Кыргызстандын" ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгени, ал дагы толук эмес экени негиз болгон. Боршайкомдун мүчөлөрү мыйзамда партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү өзү алып келип, каттоо журналына кол коюшу керектигин белгилейт. Ал эми аталган партиянын өкүлү Элвира Абелдинова жагдайды өзү ооруп калганы менен түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0