Улукбек Кочкоровдун ордуна министрликтин статс-катчысы келди

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин убактылуу аткаруучу Каныбек Адиев. Архив
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин убактылуу аткаруучу Каныбек Адиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөт башчы министр Улукбек Кочкоров депутаттыкка аттангандыктан ыйгарым укуктарын токтоткон.  Ал кызматтан шайлоонун жыйынтыгы чыккыча четтетилген болуп саналат.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин убактылуу Каныбек Адиев аткарат. Маалыматты Sputnik агенттигине аталган мекемеден тастыкташты.

Адиев министрликтин статс-катчысы болуп иштейт. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.

Буга чейин өкмөт башчы министр Улукбек Кочкоров шайлоого катышууну чечкендиктен ыйгарым укуктарын токтоткон.

Спорт мамагенттигин Мирлан Парханов башкарып турмай болду

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0