Шайлоого катышып жаткан партияларга ким канча акча бере алат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Жогорку Кенеша в Бишкеке
Здание Жогорку Кенеша в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Партияларга шайлоо фондунун эмне кереги бар, каражат кайда кетет жана аны кимдер бере алат? Бул материалда шайлоого байланыштуу башка да маанилүү суроолорго жооп ала аласыз.

Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышып жаткан ар бир партия шайлоо фондун түзүп алышы керек.

Ал фондго кимдер акча бере алат жана кандай талаптары бар экендигин Sputnik Кыргызстан тизмектеп чыкты. Материал "КРдин президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын негизинде жасалды.

Фонд эмне үчүн керек?

Бул акча шайлоо алдындагы кампанияны каржылоого жумшалат. Бардык чыгымдар ошол каражаттын эсебинен төлөнөт. Маселен, ЖМКга чыккан куттуктоолор менен үгүт материалдар аталган фонддон төлөнбөсө, административдик ресурстан пайдаланылды деп эсептелет.

Муну менен катар эле талапкер өзүнүн жеке фондун түзө албайт, ал партияга гана тиешелүү болушу керек.

Мелис Турганбаев менен Аида Исмаилова кызматынан четтетилди

Шайлоо фондуларынын акчалары төмөнкүлөргө гана жумшалышы шарт:

  • шайлоо алдындагы үгүткө багытталган техникалык-уюштуруу чараларын финансылык жактан камсыздоого жана талапкерди колдоо үчүн кол топтоого;
  • шайлоо күрөөсүн төлөөгө (5 миллион сом).

Мындан сырткары, фонддон шайлоо кампаниясын өткөрүү иштерине байланышкан иш-чаралардын кызматына кетиши мүмкүн, тагыраагы:

  • маалыматтык жана кеп-кеңеш берүү жаатындагы кызматка;
  • үгүт материалдарын чыгаруу жана таратууга;
  • имаратты жана жабдууларды киреге алууга;
  • транспорттук жана командировкага чыккан чыгымдарды жабууга;
  • байланыш кызматына;
  • кеңсе товарлары менен жабдууларын алууга;
  • талапкердин сүйлөгөндөрү менен жарнамаларын ЖМКга жарыялоого;
  • шайлоо алдындагы чогулуштарды, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүгө пайдаланылат.

БШК мүчөсү Назарали Арипов кызматынан кетти

Ал эми юридикалык жактар, алардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү шайлоо менен тике же кыйыр байланышкан иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз аткарышына, товарларды акысыз беришине же негизсиз төмөндөтүлгөн баалар боюнча аткарышына, сатышына тыюу салынат.

Талапкерлерге шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу боюнча иштерге акы төлөө, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү, шайлоо алдындагы башка иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн башка акча каражатын пайдаланууга болбойт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоого даярдануу иштери
Шайлоого катышып жаткан партияларга ким канча акча бере алат. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Шайлоого даярдануу иштери

Ага ким акча которо алат?

Шайлоо фондун талапкерлер өздөрү, партия, андан сырткары, башка жарандар же юридикалык тараптар толтура алат.

  • Талапкердин салган акчасы 1,5 миллион сомдош ашпашы керек;
  • партиянын төккөн акчасы 100 миллион сомдош ашпашы керек;
  • жеке тараптардын акчасы 200 миң сомдон чыкпашы керек;
  • юридикалык тарап 3 миллион сомдон ашык бере албайт.

Ким акча сала албайт?

Мыйзамда акча төккөнгө болбой тургандардын тизмеси бекитилген:

  • чет элдик тараптар: чет мамлекеттер, чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар, башка чет өлкөлүк юридикалык жактар, алардын бөлүмдөрү жана өкүлчүлүктөрү, чет өлкөлүк жарандар. Андан сырткары, катышуучусу чет өлкөлүк жарандар болгон Кыргызстанда катталган юридикалык жактар жана эл аралык уюмдар.
  • Андан сырткары:
  • жарандыгы жок адамдар;
  • мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
  • мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар;
  • уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүш бар, ошондой эле салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактар;
  • аскер бөлүктөрү, аскердик мекемелер жана уюмдар;
  • укук коргоо органдары, соттор;
  • кайрымдуулук менен алектенген уюмдар;
  • диний уюмдар;
  • атын атабай кайрымдуулук кылуучулар (атын атабай кайрымдуулук кылгандар деп, эгерде жаран төмөнкүдөй маалыматтын бирин: фамилиясын, аты, атасынын атын, жашаган жеринин дарегин, паспортунун маалыматтарын көрсөтпөсө же ал өзү жөнүндө ишенимсиз маалыматтарды бергенде айтылат).

Өмүрбек Субаналиевдин ыйгарым укуктары токтотулду

Талапкердин шайлоо фондуна юридикалык жакты түзбөй туруп ишкерлик кылган, мамлекеттик бюджетке же Социалдык фондго карызы бар юридикалык жактардын, жеке адамдардын акча кошушуна жол берилбейт.

Эгерде акча түшсө, партиялар жоопкерчилик тартпайт. Бул каражат сот аркылуу сотко же Социалдык фондго которулат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин имараты
Шайлоого катышып жаткан партияларга ким канча акча бере алат. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин имараты

Фонддун көлөмү кандай болот?

Так жазылган эмес, бирок саясий партиялардын шайлоо фондунан жумшаган чыгымдарынын суммасы 300 миллион сомдош ашпашы керек (3 миллион эсептик көрсөткүч).

Эгерде партия катышуудан баш тартып же аны чыгарып койсо кандай болот?

Талапкер өзүнүн талапкерлигин алып салган же талапкерди каттоодон чыгарып койгон учурда шайлоо фондуна келип түшкөн акча аларды кошкон жарандарга жана уюмдарга кайра кайтарылууга тийиш. Мында көрсөтүлгөн каражатты кайра кайтаруу менен байланышкан чыгымдар аларды кошкон жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат.

Фонддогу акчанын чыгымдалышын ким көзөмөлдөйт?

Фонддун акчаны пайдаланышын, эсеп-кысаптын туура жүргүзүлүп жаткандыгын, келип түшкөн акчаны Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу карап турат.

Шайлоо фондунун чыгымы көбөйүп кетсе эмне болот?

Мыйзамда эгерде бардык чыгымдар (айтылган 300 миллион сомдон ) белгиленген жалпы суммадан 0,5 пайыз ашып кетсе, партиянын каттоодон чыгып калышы мүмкүндүгү айтылган.

Андан сырткары, шайлоо фондунун бардык чыгымдары белгиленген жалпы суммадан 0,5 пайыздан ашып, башка акча каражаттарын пайдаланган учурда да партия каттоодон алып салынышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0