Жээнбеков иш башкаруучусу менен ЖКдагы өкүлүнүн ыйгарым укуктарын токтотту

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүПрисяга министров Кыргызстана
Присяга министров Кыргызстана  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленген. Ушул тапта шайлоого катыша турган партиялар БШКнын каттоосунан өтүп, тизмесин даярдоодо.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу Турдуназир Бекбоев менен өлкө башчынын Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин ыйгарым укуктары токтотулганын мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө буйруктарга президент "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Бекбоев менен Дыйканбаевдин берген арыздарынын негизинде кол койгону айтылат.

Бишкектин вице-мэри Мирлан Амантуров кызматтан бошотулду

Экөө тең кызматтан 2020-жылдын 21-августунан тартып шайлоонун натыйжасы аныкталганга чейин четтетилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0