КСДПнын чачыраган мүчөлөрү. Кимиси кайсы партиядан орун-очок алды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание СДПК в Жогорку Кенеше
Заседание СДПК в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күздөгү парламенттик шайлоого КСДП катышпайт. Деген менен бул аталган партиянын мүчөлөрү депутаттыктан кол шилтеп кетти дегенди түшүндүрбөйт. Sputnik Кыргызстан мурда КСДП менен VI чакырылыштын депутаты болгондор азыр кайсы партиядан орун-очок алганына саресеп салды.

Кечээ эле бийликтин партиясы деп эсептелген КСДП алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышпай турганы белгилүү болду. Буга партиянын ичиндеги ажырымдар себеп. Мунун натыйжасында Юстиция министрлиги саясий партиянын лидери катары Сагынбек Абдрахмановду каттаган.

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын кожоюндары кимдер? Тизме

Ал эми Абдрахманов партиянын каттоо күбөлүгү жоголгондуктан КСДП мандат алуу жарышына ат салышпай турганын билдирди.

Кечээ саясий партиялардын съезд өткөрүү этабы жыйынтыкталды. Эми 24-августка чейин Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин толук тизмеси берилиши керек. Ошол эле учурда ачык булактарда мурда социал-демократтардан "бактысын" тапкан депутаттар бир нече партияга чачыраганы айкын болууда.

© Sputnik / Нургуль МаксутоваСагынбек Абдрахманов
Сагынбек Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
1/19
Сагынбек Абдрахманов
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша от фракции СДПК Аида Касымалиева во время заседания
Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
2/19
Аида Касымалиева
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6 созыва Евгения Строкова от партии СДПК. Архивное фото
Евгения Строкова - Sputnik Кыргызстан
3/19
Евгения Строкова
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6 созыва Марат Аманкулов от фракции СДПК на заседании. Архивное фото
Марат Аманкулов - Sputnik Кыргызстан
4/19
Марат Аманкулов
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК КР от СДПК Асылбек Жээнбеков. Архивное фото
Асылбек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
5/19
Асылбек Жээнбеков
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6 созыва Азамат Арапбаев от фракции СДПК. Архивное фото
Арапбаев Азамат - Sputnik Кыргызстан
6/19
Арапбаев Азамат
© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Жогорку Кенеша Иса Омуркулов
Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
7/19
Иса Омуркулов
© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловАрхивное фото депутата Жогорку Кенеша 6 созыва Рыскелди Момбекова от партии СДПК во время заседания
Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
8/19
Рыскелди Момбеков
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Депутат Жогорку Кенеша от фракции СДПК Эльвира Сурабалдиева на заседании
Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
9/19
Эльвира Сурабалдиева
© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК Абдывахап Нурбаев на заседании
Абдывахап Нурбаев  - Sputnik Кыргызстан
10/19
Абдывахап Нурбаев
© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК Жанар Акаев на заседании
Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан
11/19
Жанар Акаев
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов от фракции СДПК во время перерыва
Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
12/19
Искендер Матраимов
© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК Аалы Карашев на заседании
Аалы Карашев - Sputnik Кыргызстан
13/19
Аалы Карашев
© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаДепутат от фракции СДПК Ирина Карамушкина на заседании Жогорку Кенеша
Ирина Карамушкина - Sputnik Кыргызстан
14/19
Ирина Карамушкина
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6 созыва Анвар Артыков от фракции СДПК. Архивное фото
Анвар Артыков  - Sputnik Кыргызстан
15/19
Анвар Артыков
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК КР от партии СДПК Асель Кодуранова
Асел Кодуранова - Sputnik Кыргызстан
16/19
Асел Кодуранова
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат от фракции СДПК Карамат Орозова на заседании Жогорку Кенеша
Карамат Орозова - Sputnik Кыргызстан
17/19
Карамат Орозова
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК 6 созыва Мурадыл Мадеминов от фракции СДПК на заседании Жогорку Кенеша. Архивное фото
Мурадыл Мадеминов - Sputnik Кыргызстан
18/19
Мурадыл Мадеминов
© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Жогорку Кенеша VI созыва от фракции СДПК Саматбек Ибраев
Саматбек Ибраев - Sputnik Кыргызстан
19/19
Саматбек Ибраев
1/19
Сагынбек Абдрахманов
2/19
Аида Касымалиева
3/19
Евгения Строкова
4/19
Марат Аманкулов
5/19
Асылбек Жээнбеков
6/19
Арапбаев Азамат
7/19
Иса Омуркулов
8/19
Рыскелди Момбеков
9/19
Эльвира Сурабалдиева
10/19
Абдывахап Нурбаев
11/19
Жанар Акаев
12/19
Искендер Матраимов
13/19
Аалы Карашев
14/19
Ирина Карамушкина
15/19
Анвар Артыков
16/19
Асел Кодуранова
17/19
Карамат Орозова
18/19
Мурадыл Мадеминов
19/19
Саматбек Ибраев

Парламентте КСДП фракциясынын лидеринин орун басары болгон Төрөбай Зулпукаров "Биримдик" партиясы менен ат салышууда. Ошондой эле жаңыдан түзүлгөн бул партияга вице-спикер Аида Касымалиева, Евгения Строкова жана Марат Аманкулов кошулган. Белгилей кетсек, Марат Аманкулов "Биримдиктин" төрагасы. Маалымат булактарынын билдиришинче, КСДПнын мүчөсү, азыркы президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбеков менен Азамат Арапбаев дагы "Биримдик" партиясынын камчысын чабат.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов позициясы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Мурунку чакырылышта КСДПнын тизмеси менен биринчи ирет депутаттык мандат алган Рыскелди Момбеков, Эльвира Сурабалдиева жана Абдувахап Нурбаев "Ата Мекен" партиясына биригишти. Ал эми Жанар Акаев "Ата Мекендин" лидерлигин колго алып, көч баштап бармай болду. Эске салсак, Акаев 2017-жылы КСДП мүчөлүгүнөн чыгарылган.

Мурдагы бийликтин партиясы менен депутат болгон Искендер Матраимов болсо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары айтылып келет.

ЖК депутаттыгына талапкер кандай критерийлерге жооп бериши керек. Тизме

КСДПнын дагы бир мүчөсү Аалы Карашев "Республика" партиясынын 15-тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болууну көздөп турат.

Мындан сырткары, жаңы негизделген "Социал-демократтар" партиясынын катарына Ирина Карамушкина, Анвар Артыков, Асел Кодуранова жана Карамат Орозова кошулуп, шайлоого аттанышты.

Мурадил Мадеминов менен Самат Ибраев "Бүтүн Кыргызстандын" туусунун алдында жарышка чыгарын билдиришти.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0