Шайлоо: Мадумаров жана Шайлдабекова даярдыкты талкуулашты

Жазылуу
Кеңешмеде шайлоо комиссияларын уюштурууну жана өткөрүүнү материалдык-техникалык жактан камсыздоо тууралуу кеп болгон.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Вице-премьер Акрам Мадумаров жана БШК жетекчиси Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдыкты талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Мадумаров шайлоо комиссияларын уюштурууну жана өткөрүүнү материалдык-техникалык жактан камсыздоодо колдоо көрсөтүү боюнча жыйын өткөргөн. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу баяндама жасаган.

Ошондой эле өткөрүлүп жаткан иштер тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев менен саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат беришкен.

Жаран шайлоочулардын тизмесинде бар-жогун кантип текшере алат? 5 жолу

Вице-премьер белгилегендей, шайлоо участоктору материалдык-техникалык база менен камсыздалууда.

"Тармактык мамлекеттик органдар жарандардын шайлоого катышуусу үчүн биометрикалык каттоого алуу боюнча иш жүргүзүүдө. Мындан тышкары, шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча процесс уланууда. Жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары иш алып бара турган маселелердин бири — шайлоо участоктору жайгашкан мекемелерде пандустарды орнотуу. Мен бул маселеге өзгөчө көңүл бурууну өтүнөм. Пандемия шартында шайлоо процессинин бардык катышуучулары санитардык коопсуздук нормаларын аткарууга өзгөчө көңүл буруусу керек", — деди Мадумаров.

Штаб кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдарына жана мамлекеттик органдарга бир катар тапшырма берилген. Анын ичинде өлкөдөгү жана өлкөдөн тышкары жүргөн кыргызстандыктарды биометрикалык каттоого алуу боюнча ишти активдештирүү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0