Боронов: шайлоого даярдык боюнча Республикалык штаб түзүлдү

Жазылуу
Шайлоо участокторунда добуш берүүдө жарандардын дене табы өлчөнүп, жеке коргонуу каражаттары таркатылып, маал-маалы менен имараттар дезинфекцияланып турат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Алдыдагы шайлоону уюштуруу маселелерин кароо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча иш алып бара турган Республикалык штаб түзүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча жыйын учурунда айтты.

Штабды вице-премьер Акрам Мадумаров жетектемей болду.

"Алдыдагы шайлоо мурдагылардан коронавирус пандемиясы учурунда өткөрүлө турганы менен айырмаланат. Бул масштабдуу саясий окуя жогорку деңгээлде уюштурууну талап кылат. Шайлоо участкаларында эпидемиологиялык коопсуздуктун камсыз кылынышы биринчи шарт", — деди Боронов.

Маалыматка караганда, учурда 2464 шайлоо тилкеси бар, анын 44ү чет өлкөлөрдө. 54 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлүп, алардын курамы бекитилди. Шайлоочулардын алдын ала тизмесине 3 миллион 428 миң 873 адам кирди.

Шайлдабекова: үгүт иштеринде концерт, спорттук оюндарды өткөрүүгө тыюу салынат

Онлайн режиминде өткөн жыйында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова баяндама жасап, жалпы республика боюнча парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүү иштери толук кандуу жүрүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, шайлоо участокторунда добуш берүүдө жарандардын дене табы өлчөнүп, жеке коргонуу каражаттары таркатылып, маал-маалы менен имараттар дезинфекцияланып турат жана тийиштүү аралыкты кармануу талап кылынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0