Кылычбек Султандын УКМКга эмнеге чакырылып жатканы айтылды

© Фото / пресс-служба ЖКСаясатчы Кылычбек Султан. Архив
Саясатчы Кылычбек Султан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясатчы Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп турган кезде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы мүмкүн деген фактылар текшерилип жатат.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Саясатчы Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары чакырылып жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта соттук өндүрүштүн ичинде саясатчы Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп турган кезде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтык жасалмачылыкка барышы мүмкүн деген фактылар текшерилип жатканы кабарланган.

Саймаитинин өлүмү: экс-консул айып төлөп, бошоп чыкты

27-июлда Кылычбек Султан жогорудагы иш боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКнын тергөө органдарына күбө катары чакырылган.

"Бирок ал көрсөтмө бергенден баш тарткандыктан иш кийинкиге жылдырылган", - деп айтылган маалыматта.

Белгилей кетсек, ал КРдин Кореядагы элчиси болуп 2017-2018-жылдары иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0