Коронавирусту дарылоонун жаңы протоколу чыгат. Боронов президент менен сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн-кеңешме өткөрдү
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн-кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин маалымат кызматы Боронов Ошко барып, шаардагы инфекциялык илдеттер боюнча жаңы оорукананын пайдубалын түптөөгө катышканын эскертти.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн-кеңешме өткөрүп, Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кеңешмеде Боронов адистер тарабынан эл аралык тажрыйба эске алынып, дарылоонун жаңы протоколу иштелип жатканын билдирди. Ошондой эле өлкөнүн ар бир облусуна компьютердик томография жабдуусун орнотуу жумуштары жүрүп жатканын кошумчалады. Азырынча мындай жабдуу Бишкек жана Ош шаарларында гана бар.

Өлкөнүн банктары ооруканаларга 6 ИВЛ, 100 кычкылтек концентраторун алып берди

Президенттин маалымат кызматы өкмөт башчы Ошко барып, шаардагы инфекциялык илдеттер боюнча жаңы оорукананын пайдубалын түптөөгө катышканын эскертти. Боронов Жээнбековго курулуш иштерин тез аранын ичинде бүтүрүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшаларын айткан.

Мамлекет башчысы илдеттин туу чокусуна качан чыгарын аныктоо, кырдаалдын өнүгүшүн божомолдоо, тиешелүү чараларды көрүү боюнча терең талдоо жүргүзүү зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө маселесине да токтолгон.

"Аймактардагы дарыканаларды препараттар менен камсыздап, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында алардын корун түзүү керек. Өкмөт бул багытта тийиштүү иштерди жүргүзүшү зарыл", — деди Жээнбеков.

Бишкекте стационарларга кайрылгандар барган сайын азаюуда

Өлкө башчы пандемия учурунда жаңы окуу жылына даярдык көрүү процессине өзгөчө көңүл буруп, өкмөткө авариялык абалдагы мектептердин оңдоп-түзөлүүсүн ар дайым көзөмөлдөп турууну сунуш кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0