Сооронбай Жээнбеков бүгүн Талас облусуна барат

Жазылуу
Сапарда президент пандемия шартында аймактагы айыл чарба, билим берүү, медицина жана энергетика объектилеринин иши менен таанышмакчы.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бүгүн, 23-июлда, президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө Жээнбеков өлкө аймактарына баруусун улантары айтылат. Таластагы сапар бир күнгө созулмакчы.

Чогуу иштешели. Жээнбековдун ыктыярчылар менен жолуккан видеосу чыкты

Анда президент коронавирус пандемиясы шартында аймактагы айыл чарба, билим берүү, медицина жана энергетика объектилеринин иши менен таанышары белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0