Бишкектин Биринчи май райондук сотуна 9 судья дайындалды. Тизме

© Фото / Pixabay / Daniel BoneИзбрание судей в КР
Избрание судей в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президентке Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан 10 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн. Жээнбеков аларды карап чыгып, тогузунун талапкерлигин жактырды.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жаңы судьяларды дайындады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президентке 10 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн. Жээнбеков аларды карап чыгып, тогузунун талапкерлигин жактырды. Бир талапкер боюнча материалдарды кеңешке кайтарды.

Жээнбеков ыктыярчылар менен жолугууда. Катышып жаткандардын тизмеси

Дайындалган судьялардын тизмеси:

  • Боромбаев Абдуразак Эсентаевич;
  • Жаныбек кызы Венера;
  • Исаева Кундус Кедейкановна;
  • Каипов Эмилбек Өскөнбаевич;
  • Калыбаев Алмаз Жээнкулович;
  • Сатарова Айнура Мелисовна;
  • Сыдыков Марат Райымбекович;
  • Термечиков Мирлан Арстанбекович;
  • Уметова Айгүл Таштанбековна.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0