Пакистан Кыргызстан менен чогуу медициналык товар чыгарууга кызыкдар

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДары-дармек чыгаруучу завод. Архив
Дары-дармек чыгаруучу завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи Кыргызстандын медикаменттер жана медициналык шаймандарга болгон муктаждыгы тууралуу маалымдаган.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев аталган өлкөнүн Дары каражаттарын жөнгө салуу кызматынын башкы директору Асим Рауф менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Элчи COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы оор кырдаал, дары-дармектерге жана медициналык шаймандарга болгон муктаждык тууралуу маалымдаган. Ошондой эле медициналык буюмдарды ЕАЭБ жана Европа биримдигинин базарларына биргелешип өндүрүү жана экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан.

Жээнбеков: Кыргызстанда дары-дармек өндүрүү жолдору каралууда

"Асим Рауф мырза дары-дармектерди жөнгө салуу, КРге экспорттолуучу медициналык каражаттарды биргелешип өндүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Аны менен катар Пакистан медикаменттерин Кыргызстанга жөнөтүү жаатында кызматташууну активдештирүүгө ынтызарлыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0