Түркия С-400дү экинчи ирет сыноодо: артка жол жок

© Фото / Отдел информационного обеспечения Балтийского региона / Медиабанкка өтүүНовые расчеты С-400 заступили на первое боевое дежурство
Новые расчеты С-400 заступили на первое боевое дежурство  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
С-400 "Триумф" зениттик ракеталык тутумун сыноолорун улантуу менен Анкара республиканын коргонуу жөндөмүн бекемдөө жана реалдуу суверенитети боюнча так позициясын көрсөтмөкчү.

Түркия 4-июлдан тарта Мюртед авиабазасында россиялык С-400 зениттик ракеталык системаларын ар кандай бийиктик жана ар кыл аралыкка учкан F-16 жана F-4 истребителдерине каршы текшерет. Ушунун тегерегинде  аскерий баяндамачы Александр Хроленко ой толгоду.

Абадан жана ракетага каршы коргонуу боюнча россиялык системаларды пайдаланышса, санкция киргизилери туурасындагы Вашингтондун көптөгөн эскертүүлөрүнө Анкара кулак салбады. "Триумфту" америкалык өндүрүштөгү F-16 Viper жана F-4 Phantom II истребителдерине каршы сынап көрүү да капысынан болбогон өңдүү.

АКШнын чочулоосуна карабастан былтыр түрк адистери америкалык F-16 истребителдерине каршы Анкаранын асманында ар кандай бийиктикте С-400дү сынап көрүшкөн. "Триумфтун" көп баскычтуу сыноолору 2020-жылдын ноябрына дейре уланат.

"Армата" экспортко чыгат: россиялык жаңы Т-14 танкын биринчи ким алат?

С-400дү тапшыруу былтыр жайда башталган. Бул Анкара менен Вашингтондун ортосундагы мамиледе чыңалууну жараткан. Америкалыктар түркиялык өнөктөштөрүнөн бул келишимден баш тартууну жана америкалык Patriot комплекстерин сатып алууну талап кылган. Антпесе, F-35 истребителдерин өндүрүү боюнча биргелешкен программасынан чыгарып саларын эскертишкен.

Анкара аскердик-саясий кысымга туруштук берди. Кабыл алган чечиминен кайтпай, "Триумф" альянсты эч кандай коркунучка тушуктурбай турганын кайталай айтып келди. Россия Түркияга 2,5 миллиард долларга төрт дивизиондук С-400дү былтыр ноябрда тапшырган.

2020-жылдын июнунда Анкара менен Москва "Триумфтардын" экинчи комплекти (полку) боюнча принципиалдуу келишимге кол койгон. Ошону менен бирге Түркия Республикасынын коргоо өнөр жай катчылыгынын башчысы Исмаил Демир: "С-400 системасы пайдалануу үчүн сатып алынууда. Башка кептин кереги жок", — деп билдирген.

Кошмо Штаттар мурдагыдай эле "Триумфту" түрк жергесинде болтурбоонун айласын издеп келет: аны сатып алууну, америкалык комплекстерге алмаштырууну сунуштайт, жаңы санкциялар менен коркутат.

"Триумф" түбөлүккө!

С-400дү Түркияда сыноодо анын байкалуу ыраактыгы, коштоосунун туруктуулугу, жок кылуу натыйжалуулугу жана башка аскердик параметрлери такталат. Анкарадан анча ыраак эмес Мюртед авиабазасында жайгашкан россиялык зениттик ракеталык системалар реалдуу аэродинамикалык буталарга, анын ичинде F-35 жана F-22 учактарына көп жолу сыналууда.

Пайдасы жокпу? Америкалык Patriot комплексинин натыйжасыздыгы

Жашыруун жана радарлардын "көзүнө" чалдыкпайт деген бешинчи муундагы америкалык истребителдер "Триумфтардын" аныктоо жана кыйратуу радиусунда үч ирет пайда болгон.

Кара деңиз жана Түркиянын аймагы аркылуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө АКШнын аскердик-аба күчтөрүнүн F-35 жана F-22 учактарын ротациялоо жана жеткирүү маршруту Мюртед авиабазасынан орточо 200 чакырым аралыкта өтөт.

Fighter Jets World басылмасынын жазганына таянсак, абадан коргонуу боюнча түркиялык адистер радиолокациялык станциялардын мүмкүнчүлүктөрүн ар кыл режимде жана ар кандай бийиктикте текшерип көрөт. Түркиялык тарап россиялык С-400дү бешинчи муундагы америкалык истребителдерде сыноонун чоо-жайын да жашырган жок.

Бирок аскерий серепчи, ушул сыноолордун катышуучуларынын бири Виктор Баранц "Рособоронэкспорттун" өкүлү менен болгон баарлашуусунда мындай деп билдирген:

"Америкалык учактар радарлардын экранында шыптагы чымын сымал көрүнүүдө". Рекламациялардын жана жаңы курал алуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн жоктугун эске алсак, Анкара "Триумфтун" ишине толук канааттанганын болжоого болот.

Антиторпеда: россиялык фрегаттардын өзгөчөлүгү

Түркиялык коргоо мекемеси бир аз мурдараак С-400дү текшерүү ийгиликтүү өтүп жатканын маалымдаган, россиялык система радиолокациялык станциянын аймагындагы чек арадагы F-16 Fighting Falcon истребителин 600 чакырымдан байкалса, жапызыраак жерлерден бардык буталар аныкталган.

"Триумф" чегине жеткен ыраактыкта дүйнөлүк курал рыногундагы эң белгилүү, төртүнчү муундагы бомбалоочу истребителин аныктоо менен чектелбейт. Система анын кыйратуу зонасына кирип келгенче ракетасын бутага кое берүүгө дайым даяр турат.

Башкача айтканда, аскердик нөөмөт режиминде F-16 Fighting Falcon учактары 400 чакырым аралыктан автоматтык түрдө жок кылынат. Эске салсак, бир F-16 жеңил истребителинин наркы 50 миллион долларга чейин, ал эми "көзгө чалдыкпас" F-35 – эки эсе кымбат.

Жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн маалы

Мюртед базасындагы "триумфалдык" сыноо америкалык истребителдик авиациясынын беделине чоң сокку урат. Ошентсе да, Анкара менен катуу араздашуу Вашингтондун кызыкчылыгына жат.

Түркиянын аймагында америкалык өзөктүк ок-дары сактагычы менен Инжирлик авиабазасы жайгашкан. Бул – АКШнын Куралдуу аба күчтөрүнүн ысык аймактагы негизги таянуучу пункту. Геосаясий жактан Түркия АКШ жана НАТО үчүн абдан маанилүү, ошондуктан ал альянстагы оюн эрежелерине өзгөчө тобокелсиз таасир этүүгө жөндөмдүү. Москва менен болгон парадоксалдык ымаласы Анкараны диктат жана батыштык өнөктөштөрүнүн тышкы кысымына кабылтууда.

Америка да алсам дейт. Калашников автоматы дүйнөнү багынтууда

Түркиянын С-400дү сатып алышынан улам Вашингтон F-35 программасына катышуусун убактылуу токтотту (Анкара "жазаланды", бирок программадан чыгарылган жок). Мындай чектөөдөн кийин деле Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Россиядан жаңы Су-35 жана Су-57 истребителдерин сатып алуу мүмкүнчүлүгү туурасында жар салды.

МАКС-2019 авиасалонундагы "тарых бүктөмүнүн" мындай реалдуулугун Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынын директору Дмитрий Шугаев да ырастады. Азырынча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, бирок бүгүн деле алдын ала бүтүмдөрдү чыгарууга болот.

Эгер Түркиянын бул табылгасынын аскердик дараметин калыс баалай турган болсок, республиканын коргонуу жөндөмүндө сапаттуу өсүш байкалды, "Триумфтун" бир батареясы мээленген 72 ракетага ээ, бир убакта 36 бутаны ата алат.

С-400дүн ар кыл типтеги ракеталар топтому 5 метрден 30 чакырымдык бийиктик диапазонунан (400 чакырымдан 2 чакырымга чейинки аралыктан) бомбалоочу истребителдерин, учкучсуз, канаттуу, тактикалык жана баллистикалык ракеталарды ажырата байкап, атып түшүрүүгө мүмкүндүк берет.

"Триумф" системасы ар кандай ыраактыктагы зениттик комплекстерин интеграциялап, абадан коргонуу каражаттарынын басымдуу түйүнүн тескей алат (түркиялык адистер россиялык ЗРК Панцирь-С1, Тор-М1ге да көз салганы оң). Абадан коргонуудагы мындай артыкчылык Түркиянын аскердик аба күчтөрүн өргө сүрөйт.

"Посейдон" сыноодон өтүүдө: Батыш мүнөздөгөндөй "кыямат күндүн торпедасыбы"?

Технологиялык айныгыс артыкчылыктарга жана аскердик кубатка ээ болгон россиялык "Триумф" Түркия жана бир топ өлкөлөрдө бир дагы ок атуусуз эле көп полярдык тынчтыкты бекемдеп, эзелки аскердик блокту жана гегемондорду ордуна кое алат.

Ал ортодо жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн доору чукулдоодо. Анкарада россиялык дагы бир зениттик ракеталык системаны – С-500 "Прометейди" сатып алуу талкууланууда. Ошентип россиялык системалар эл аралык рыноктон жана аскердик позициялардан батыштык анча жеткилең эмес аналогдорун сүрүп чыгарууну улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0