Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыгып кайра абакка которулду

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президент 30-июнда ооруканага жаткырылган. УКМК ага коронавирус адвокатынан жугушу мүмкүн деген божомолун айткан.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Эки тараптуу пневмонияга чалдыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыгып ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, саламаттыгы жакшырган мурдагы президентти ооруканадан кайра УКМКнын тергөө абагына алып кетишкен. Учурда анын абалы канааттандырарлык экени айтылат.

"Дарыгерлер консилиум өткөрүп, Атамбаевди тергөө абагына которуу чечимин кабыл алышты. Ал мурдагыдай эле медиктердин көзөмөлүндө болот", — деп билдирди УКМК.

Атамбаев менен Жолдубаева жазага тартылды. Сот залынан видео

Эске салсак, Атамбаев 30-июнда пневмония дартына кабылып, ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.

Андан көп өтпөй социалдык тармактарга Атамбаевдин жакындары "коронавирус УКМКнын тергөө абагында иштеген кызматкерлерде бар экен" деген билдирүүлөр менен чыккан. Бирок буга Коопсуздук кызматы жооп берип, ал адвокаты Замир Жоошевден вирус жугузуп алышы мүмкүн деген версиясын айткан.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0