02:26 13 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
581 0 0

Мамлекет башчы өлкөнүн өнүгүүсү үчүн зарыл болгон укуктук, экономикалык, социалдык пайдубал түптөлүп калганын айтты.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков парламентте жасаган кайрылуусунда Кыргызстанда саякатчы элдин коомун түзө тургандыгын ишендирди.

Мамлекет башчы өлкөнүн өнүгүүсү үчүн зарыл болгон укуктук, экономикалык, социалдык пайдубал түптөлүп калганын айтып, реформалар өз жыйынтыгын бере турганын билдирди.

“Эл ичинде “жарды эл — саясатчы, бакубат эл – саякатчы“ деген сөз бар. Ашкере саясат эмес, жаратмандык эмгек менен алектенген, анын акыбетин көрүп татыктуу эс алган, дүйнө кыдырып саякат курган, балдарынын ден соолугу чың, билими сапаттуу болгон бакубат коомду курууну максат кылабыз. Кадырлуу элим, журтум! Мен сиздерге ишенем жана сиздерди ишендирем. Ал үчүн бизде бардык шарт бар”, — деди Жээнбеков.

Эскерте кетсек, президент бүгүн парламентте жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алды. Андан соң пандемияга жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды.

Жээнбеков: бул кыянатчылык, тойлорго расмий тыюу салууга убакыт келди

Сөзүнүн соңунда Жээнбеков элге аманчылык, жергебизге тынчтык каалап, “Кыргызстанды Жараткан Кудайым өзү колдосун!” деп тилек кылды.

Тема боюнча

Жогорку Кеңештин депутаттары ишин жыйынтыктап каникулга тарады
Кимдин ким экени ушундай учурда билинет. Жээнбеков аткаминерлерге кайрылды
Белгилер:
Өнүгүү, саясатчы, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ