07:13 08 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.6875
  • EUR87.5150
  • RUB1.0764
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
196 0 0

Каникулга тараган депутаттар 1-сентябрда кайрадан ишин жандантып, шайлоого 25 күн убакыт калганга чейин иштешет.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары ишин жыйынтыктап каникулга тарады.

Төрага Дастан Жумабеков 2019-2020-жылдагы сессиялык мезгилде парламент тарабынан 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алынганын билдирди. Ошондой эле жарандардын 15 372 кайрылуусу каралып, шайлоочулар менен 29 миңден ашуун жолугушуулар өткөрүлгөнүн айтты.

Андан соң ал Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 7-сессиясын жабык деп жарыялады.

Каникулга тараган депутаттар 1-сентябрда кайрадан ишин жандантып, шайлоого 25 күн убакыт калганга чейин иштешет.

Жумабеков: парламенттик шайлоо коронавирустан улам жылдырылышы мүмкүн

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда парламенттин VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Тема боюнча

Айды алып берем дебей... Жээнбеков шайлоодо кандай убада берүү керектигин айтты
Белгилер:
депутаттар, шайлоо, каникул, Парламент

ЭҢ МААНИЛҮҮ