13:40 15 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.5098
  • EUR87.9814
  • RUB1.0897
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
86 0 0

Мамлекет башчылар кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын келечектүү маселелерин талкуулап, биргелешкен пландарды ортого салышкан.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бүгүн, 29-июнда, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жээнбеков Бердымухамедовго бекем ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Аялын жашырат, кичүү кызы айтылбайт. Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу 10 факты

Ошондой эле мамлекет башчылар кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын келечектүү маселелерин талкуулап, эки тараптуу өз ара кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды ортого салышкан.

Гурбангулы Бердымухамедов 1957-жылы 29-июнда Ашхабад облусунун Көкө-Тепе районундагы Бабарап айылында туулган. Президент үч кыз, бир уулдун атасы.

Путин Жээнбеков менен телефондон сүйлөшүп, ыраазылык билдирди

Тема боюнча

Президент медиктердин компенсациясы боюнча мыйзамга кол койду
Белгилер:
куттуктоо, ден соолук, туулган күн, Гурбангулы Бердымухамедов, Сооронбай Жээнбеков, Түркмөнстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ