Чуу түшүргөн мыйзам долбоорлорунун автору Гүлшат Асылбаева тууралуу 6 факты

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Гульшат Асылбаева
Депутат Гульшат Асылбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талаштуу мыйзамдарга автор болгон депутат Гүлшат Асылбаева жогорку билими туурасындагы дипломду сырттан окуп алган. Ишкерликтен түз эле парламентке секирген депутаттардын бири.

Үч жыл мурун парламентте бир депутат "Кыргызстанда 9 миң сом маяна алган адам жок" деп таң калуу менен билдирүү жасап элдин ээсин оодарган. Ал Гүлшат Асылбаева эле. Андан кийин бул ысым маалымат булактарынан кездешкен эмес. Бирок депутаттык мөөнөтү бүтөрүнө аз калганда чуулуу мыйзамдардын демилгечиси катары соцтармактын бетинен түшпөй калды.

Sputnik Кыргызстан эл өкүлү Асылбаева тууралуу фактыларды сунуштайт.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Гүлшат Асылбаева 1960-жылы 27-августта Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунун Георгиевка айылында туулган
Чуу түшүргөн мыйзам долбоорлорунун автору Гүлшат Асылбаева тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Депутат Гүлшат Асылбаева 1960-жылы 27-августта Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунун Георгиевка айылында туулган

Депутат тууралуу кыскача маалымат

Гүлшат Асылбаева 1960-жылы 27-августта Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунун Георгиевка айылында туулган. 1986-жылы Москвадагы Советтик соода институтунун экономист адистигин сырттан окуп бүткөн. Учурда жесир, эки баланын энеси.

Ичимдик заводунан түз парламентке келген

Болочок депутат жогорку билимге ээ боло электе эле, 1982-жылы 22 жашында "Азия" акционердик коомуна жетекчи болгон. Ал компанияны 13 жыл башкарганы жазылат өмүр баянында. Мамлекеттик кызматка 1995-жылы келип, КР Туризм жана спорт министрлигинде башкы адис болуп эки жыл иштеген. Андан соң тогуз жыл "Шумкар" компаниясынын башкы директору болуп эмгектенген. 2006-жылы "Кыргыз Коньягы" ишканасын жетектөөгө киришкен. Анан 2015-жылы ичимдик чыгарган заводдон түз эле Жогорку Кеңешке келип отурган. Мандатты "Өнүгүү — Прогресс" партиясынын тизмеси менен алган.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаГүлшат Асылбаева 2015-жылы ичимдик чыгарган заводдон түз эле Жогорку Кеңешке келип отурган. Мандатты "Өнүгүү — Прогресс" партиясынын тизмеси менен алган
Чуу түшүргөн мыйзам долбоорлорунун автору Гүлшат Асылбаева тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Гүлшат Асылбаева 2015-жылы ичимдик чыгарган заводдон түз эле Жогорку Кеңешке келип отурган. Мандатты "Өнүгүү — Прогресс" партиясынын тизмеси менен алган

Калың элге эмнеси менен таанылды

Асылбаева жарандардын айлык маянасы тууралуу пикир билдире коем деп интернет колдонуучуларынын балээсине калган. Тагыраагы, Улуттук статистика комитетинин маяна тууралуу жарыялаган маалыматынан шек санап, "мен биздин мамлекетте кимдир бирөө ушунча аз айлык аларына ишенбейм. 8-9 миң сом деген айлык жок" деген ою менен бөлүшкөн. Андан кийин мугалимден тарта пол жууган кызматкерлерге чейин 8 миң эмес, 3-4 миң сом эптеп таап жатышканын күнү-түнү жазып, депутаттын эсин оодарышты. Гүлшат Асылбаева деген депутат бар экенин эл ушундан кийин билип калган.

Эркектей болгула! Соцтармакты чектөөнү сунуштаган Асылбаева депутаттарга кайрылды

Өткөн жылдын күз айында Асылбаеванын кыргыз тилинде жазылган текстти эжелеп так окуй албаганы менен соцтармактын көңүл чордонуна дагы бир ирет чыкты.

Чуулуу мыйзамдардын автору

Асылбаеваны элдин көпчүлүгү чуулуу мыйзамдардын демилгечиси катары таанып калды. Ал акча алмаштыруу жайларын жабуу боюнча мыйзам долбоорунун негизги автору болгон. Бул сунушу дагы коомдун басымдуу бөлүгүн нааразы кылган. Себеби ал дүйнө боюнча валюта олку-солку болуп жаткан маалда Кыргызстандагы доллар курсунун жогорулап кетишине акча алмаштыруу бюролорун күнөөлөгөн. Мындан улам аларды жаап, валюта менен банктар гана алектенишин сунуштаган. Өз кезегинде бюролордо иштегендер анын жүйөсүн акылга сыйбас иш катары сыпаттаган.

Акча алмаштыруу жайларын жабууну сунуштаган депутат сынга жооп берди

Андан кийин эле "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун алып чыкты. Экинчи демилгечи депутат Айнура Осмонова экенин белгилеп кетели. Ал мыйзам долбоору 79 депутаттын макулдугу менен колдоо тапты. Эгер муну президент жактырса, фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.

Мындай мыйзамды коомчулук сөз эркиндигин чектөө катары кабыл алып, интернет аркылуу өз оюн ачык айткандарды ооздуктоо максатында жазылганын айтышууда.

Бул мыйзам долбоорун авторлор бийликке жагалдануу максатында жазды деп эсептеген депутаттар да бар. Ал эми Жанар Акаев документтин чыныгы авторлору башкалар экенин кыйытты. Депутат Instagram баракчасына Асылбаевага берген суроосуна жооп ала албаганына нааразы болуп, "жазып бергендер тыңыраак кылып даярдап койсо болмок экен" деген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Жанар Акаев (@janarakaev)

Өткөн жылы сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун 40 депутат сунуштаган. Алардын катарында Гүлшат Асылбаева дагы бар эле. Бирок эмнегедир парламентте каралганда өзүнүн демилгесине кайра өзү каршы добуш берип таң калтырган.

Казак диаспорасынын төрайымы

Гүлшат Асылбаева 2018-жылы "Кыргызстан казактарынын ассоциациясы" коомдук бирикмесинин (диаспора) төрайымы болуп шайланган.

"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда эл өкүлү Элвира Сурабалдиева "бул мыйзам иштесе интернет жаатында Казакстанга көз каранды болуп калат экенбиз. Өзүңүз казак диаспорасынын өкүлү болгондуктан демилгечи болбой эле койсоңуз болмок. Коңшу өлкөнүн дагы бир жагынан басым жасашына жол бербешибиз керек. Кызыкчылыктар кагылышы бар бул жерде" деп сындаган.

Саны көп сыйлыктары

Өмүр баянына ишене турган болсок, Асылбаева мамлекеттик кызматта беш жыл эле иштегенине карабай мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарды ого эле көп алган.

  • 2018-жылдын 29-августунда президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен "КРдин эмгек сиңирген экономисти" деген ардактуу наамга ээ болгон;
  • 2010-жылы президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган;
  • Улуттук банктын "Кызматташтык үчүн" медалы менен сыйланган;
  • КР Ички иштер министрлигинин "Датка айым" медалы;
  • КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын медалы;
  • "Финансы рыногунун отличниги" төш белгиси;
  • "Экономиканын отличниги" төш белгиси;
  • "КР Финансы министрлигинин отличниги" төш белгиси.
Жаңылыктар түрмөгү
0