Кремль Путин менен Жээнбековдун жолугушуусу тууралуу маалыматты төгүндөдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын президенти Владимир Путин
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР президентинин маалымат кызматы Сооронбай Жээнбеков парадга катыша албай калгандан кийин "өлкө башчынын кийинки иш сапары Россиянын чакыруусу менен 30-июнга белгиленген" деп айткан.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 30-июнда Ржев шаарындагы эстелик ачылышында жолукмак эмес. Бул тууралуу РФ өлкө башчысынын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.

Буга чейин КР президентинин маалымат кызматы Сооронбай Жээнбеков парадга катыша албай калгандан кийин "өлкө башчынын кийинки иш сапары Россиянын чакыруусу менен 30-июнга белгиленген" деп айткан. Билдирүүдө "бул күнү Ржев шаарында 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон кыргызстандык аскерлердин эстелигинин расмий ачылышы белгиленген" деп жазылган эле.

Президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековду Москвага коштоп барган Сыдыков үйүндө дарыланууда. Каратаев жаңылдыбы?
Эске салсак, Кыргызстандын башчысы Сооронбай Жээнбеков Россияга Жеңиш парадына барып, бирок анын жанындагы делегация өкүлдөрүнөн коронавирус табылгандыктан, иш-чарага катышпай эле коюуну чечкен.

Журналисттер Песковдон "Ржев шаарында согушта курман болгондордун эстелигинин ачылыш аземин жылдыруу маселеси каралып жатабы" деп сурашкан. Алар иш-чарага Путин катышар-катышпасын жана коноктордун ичинде Кыргызстан президентинин болор-болбосун билүүгө кызыгышкан.

"Жок, андай эч нерсе пландалган эмес. Мындай план жок болчу. 30-июнда чындап эле Ржев шаарында совет жоокерине эстелик ачылат. Президент бул иш-чарага катышууга камынууда. Анткени бул маанилүү эстелик, мемориал", — деп айткан Песков.

Анткен менен Кремль Сооронбай Жээнбековго делегация мүчөлөрүнөн коронавирус аныкталып калгандыктан, башка конокторго корконуч жаратпайын деп Жеңиш парадына катышпоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0