Жээнбеков Путин менен сүйлөшкөн соң Москвадан Бишкекке сапар алды

Жазылуу
Эми делегациянын вирус аныкталган мүчөлөрү Бишкекке келгенден кийин 14 күн обочолонууда болушат. Президент жана башка адамдар дагы анализдери чыкканга чейин үч күнгө изоляцияга кетишет.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстандык делегация Москва шаарынан Бишкекке чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

"Учар алдында Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эки тарап тең Жээнбековдун Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катыша албай калгандыгын өкүнүү менен белгиледи", — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн Москвадагы парадга катышуу үчүн барган кыргыз делегациясынын эки өкүлүнөн коронавирус аныкталгандыктан, президент иш-чарага катышпай эле коюуну чечкен. COVID-19 аныкталгандар президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана күзөт кызматынын кызматкери болуп чыкты.

Москва шаарындагы Жеңиш парадына келген Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Бишкекке кайтып, анализи чыкканга чейин обочолонуп турат
Эми делегациянын вирус аныкталган мүчөлөрү Бишкекке келгенден кийин 14 күн обочолонууда болушат. Президент жана башка адамдар дагы анализдери чыкканга чейин үч күнгө изоляцияга кетишет.

Белгилей кетсек, буга чейин пландаштырылган график боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун Россияга кийинки иш сапары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата Россия тараптын чакыруусу менен 30-июнга белгиленген. Бул күнү Ржев шаарында 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон кыргызстандык аскерлердин эстелигинин расмий ачылышы пландаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0