Боронов баш болуп бет капсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрү айып төлөштү

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кубатбек Боронов
Премьер-министр Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт мүчөлөрүнүн чогулуп алып түшкөн сүрөтүн соцтармак колдонуучулары сындап, президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттөгүлөр айып пул төлөшү керектигин айткан.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борбору бет кабы жок, аралыкты сактабай сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө 140 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Билдирмени өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу тастыктады.

Кубатбек Боронов жана Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак чөп башта! Абылгазиевди узатууда өкмөттөгүлөрдүн түшкөн сүрөтүнө түшүндүрмө
Эске салсак, 17-июнда Абылгазиев кызматын өткөрүп берген. Аны чогуу иштешкен кесиптештери узатып, соңунда мурдагы, азыркы премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү жалпы сүрөткө түшкөн. Сүрөткө болжол менен 100дөн ашык киши эч кандай бет кабы жок эле түшүп, ал соцтармакта кайчы пикир, нааразычылыктарды жараткан. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков аларды айып пул төлөшү керектигин айткан.

Эсенгул уулу тастыктагандай, жалпы жонунан 28 киши Эреже бузуулар кодексинин 150-беренесинин 1-бөлүмү боюнча беш миң сомдон айып пулга жыгылган. Алардын арасында өкмөт башчы Кубатбек Боронов, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьерлер Аида Исмаилова, Акрам Мадумаров, Эркин Асрандиев жана бөлүм жетекчилери бар.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүнүн алдында тартылган сүрөт боюнча түшүндүрмө берип, элден кечирим сураган. Ошондой эле аппарат кызматкерлерине айып пул салынбай турганын, мыйзамга ылайык, өзү баш болуп, вице-премьерлер, аппарат жетекчиси жана мурдагы премьер-министр айып төлөй турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0