Премьер Боронов өзбекстандык кесиптеши менен телефондон сүйлөштү

Жазылуу
Кубатбек Боронов Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасынан кийин өкмөт башчы болуп дайындалган.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Өзбекстандын министрлер кабинетинин башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу баарлашканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков коронавирус жуктурган Назарбаев менен сүйлөшүп, абалын сурады
Арипов Бороновду жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаган.

Мындан тышкары, сүйлөшүү учурунда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланганы кошумчаланды.

Эскерте кетсек, Кубатбек Боронов Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасынан кийин премьер-министр болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0