Өкүм чыгышы мүмкүн. Батукаев боюнча Атамбаевдин соту 23-июнга жылдырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийинки отурумда жарыш сөз бүтсө, айыпталуучулар акыркы сөзүн айтат. Андан соң өкүм чыгарылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча сот болуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары жарыш сөзгө чыкты.

Сот процессине судья Эмилбек Каипов төрагалык кылууда. Эртең менен саат 9.00дө башталган сот отуруму кечки саат 18.00дө жыйынтыкталды. Жараянга Атамбаев өзү катышкан жок. Иш убактысы аяктап калганына байланыштуу, сот 23-июнь саат 9.00гө жылдырылды. Ал күнү жарыш сөз бүтсө, айыпталуучулар акыркы сөзүн айтат. Андан соң өкүм чыгышы мүмкүн.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу төмөнкүдөй жаза берүүнү сураган:

  • мурдагы президент Алмазбек Атамбаев — 15 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу;
  • президент аппаратынын сот реформасы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, кийин башкы прокурор болгон Индира Жолдубаева — 15 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу;
  • ЖАМКтын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев — 13 жыл эркинен ажыратуу жана полковник наамынан ажыратуу;
  • Батукаевге диагноз койду делген академик, врач Абдулхалим Раимжанов — 13 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялоо.

Жараянга мурдагы президент өзү катышкан жок. Буга чейинки процессте сот Атамбаевди тартипти бузгандыгы үчүн залдан чыгарылганы кабарланган.

Мындан сырткары экс-президент бир нече ирет сот жараяндарына катышуудан баш тартып, залдан чыгып кеткен.

Батукаевдин иши

Кой-Таш айылында милиция тарабынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн тинтүү учурунда ар кандай ок атуучу курал жана ок-дары табылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: спецназ жоокери Атамбаевдин куралынан өлгөнү аныкталды
Кримтөбөл атыккан Азиз Батукаев 18 жылга эркинен ажыратылып Нарындын №24 абагында отурган. Бирок 2013-жылы оор дартка кабылганына байланыштуу бошотулуп, Грозныйга учуп кеткен.
2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга кесилип, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде Азиз Батукаевдин иши кайра жанданды. Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камалган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташууга макул болуп үй камагына чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0