Депутаттар шайлоо босогосун 9дан 7 пайызга түшүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берүүчү жайда киши шайлоо учурунда. Архив
Добуш берүүчү жайда киши шайлоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 9 пайыздык чек үстүбүздөгү жылдын январынан тартып күчүнө кирген эле.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Аталган мыйзамды 98 депутат колдоп, макул деген добушун берди.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ар бир саясатчы өзүн лидер ойлойт. Жээнбеков 9 пайыздык босого тууралуу айтты
Эми бул документти президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Мыйзам долбоорун Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов башында турган 21 депутат демилгелеген.

Деген менен дал ушундай эле мыйзам долбоорун буга чейин депутаттар Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев демилгелеп, босогону 5 пайызга түшүрүүнү сунушташкан. Ал мыйзам долбоору азырынча карала элек.

Буга байланыштуу биринчи окууда эки мыйзамдын авторлорунун ортосунда талаш жаралган.

Эскерте кетсек, 2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды, 2015-жылы 7 пайызды түзгөн. Андан соң 2017-жылда киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 9 пайыздык чек үстүбүздөгү жылдын январынан тартып күчүнө кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0