Шайлоо босогосун 7%га түшүрүү мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан шайлоочу. Архив
Добуш берип жаткан шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү сунушталган демилгени көп талкуулаган жок, мыйзам долбоору үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо босогосун 9дан 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карады.

Депутаттар сунушталган демилгени көп талкуулаган жок, мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Аталган документти Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов башында турган 21 депутат демилгелеген.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ар бир саясатчы өзүн лидер ойлойт. Жээнбеков 9 пайыздык босого тууралуу айтты
Деген менен дал ушундай эле мыйзам долбоорун буга чейин депутаттар Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев демилгелеп, босогону 5 пайызга түшүрүүнү сунушташкан. Ал мыйзам долбоору азырынча карала элек.

Буга байланыштуу биринчи окууда эки мыйзамдын авторлорунун ортосунда талаш жаралган.

Эскерте кетсек, 2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды, 2015-жылы 7 пайызды түзгөн. Андан соң 2017-жылда киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 9 пайыздык чек коюу үстүбүздөгү жылдын январынан тартып күчүнө кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0