Премьер-министрди кызматтан кетирүү жана жаңы өкмөт шайлоонун жол-жобосу

© Sputnik / Эмиль СадыровКыргызстандын өкмөттүн имараты. Архив
Кыргызстандын өкмөттүн имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр, өкмөт же анын бир мүчөсү отставкага кетүү боюнча арыз жазганга укуктуу. Аны кабыл алуу же четке кагуу чечимин президент кабыл алат. Премьер-министрдин отставкасы кабыл алынышы бүтүндөй өкмөттү иштен кетирүүгө алып келет.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бүгүн, 15-июнда, Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштыктар чуусунан улам кызматтан кетүү боюнча арызын жазды.

Sputnik редакциясы "Өкмөт тууралуу” мыйзамга таянып, премьер-министрдин отставкасы, жаңы өкмөт башчы тандоо жана министрлер кабинетинин кайрадан куралышы кандайча ишке ашарын жазды.

Отчет Правительства КР на заседании Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жылкы, алтын, радиожыштык! Премьерлерди ээрден оодарган себептер
Премьер-министр, өкмөт же анын бир мүчөсү отставкага кетүү боюнча арыз жазганга укуктуу. Аны кабыл алуу же четке кагуу чечимин президент кабыл алат. Премьер-министрдин отставкасы кабыл алынышы бүтүндөй өкмөттү иштен кетирүүгө алып келет. Жаңы өкмөт куралгыча анын мурдагы мүчөлөрү милдеттерин аткара берет.

Өкмөт отставкага кетсе, министрлер кабинетинин жаңы курамы 15 күндүн ичинде түзүлүүсү керек. Бул аралыкта талапкерлер тандалып, бекитилип, программалары менен таанышуу болот. 15 күндүк мөөнөт президент отставканы кабыл алгандыгы тастыкталып, документке кол койгон күндөн баштап саналат.

Өкмөт башчы болуп дайындалуу үчүн парламентте көпчүлүктүн добушун алуу керек. Ошол күндөн тарта үч сутка ичинде президент жарлыкка кол коюусу шарт. Бул аралыкта документке кол коюлбай калса, жаңы өкмөт дайындалды деп эсептелет. Жаңы курам эки аптанын ичинде ант бериши зарыл.

Урунттуу учурлар

Президент өкмөттүн курамын түзүү үчүн мандат бербейт, премьерлик кызматка талапкерди көпчүлүк коалициясы сунуштайт.

Парламенттин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иса Өмүркулов: Абылгазиев кетерин бизге айткан эмес, бирок ишинен билинип турган
Өкмөттүн жаңы курамга кирбей калган мурдагы мүчөлөрү компенсация иретинде эки айлык маянасын алат.

Эске салсак, дүйшөмбү күнү кечке маал  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Ал радиожыштыктар чуусунан, ага байланыштуу тергөө иштеринен улам белгисиздик абал өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирерин билдирди. Буга чейин эл өкүлү Жанар Акаев парламентте азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин айтып,  ага премьер-министрдин тиешеси бар экендигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0