Сот департаментине жаңы жетекчи келди. Мурда Мамкаттоодо иштечү

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку соттун алдындагы Сот департаменти. Архив
Жогорку соттун алдындагы Сот департаменти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы дайындалган жетекчи Кожомбердиев 2012-жылдан 2014-жылга чейин Сот департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болгон.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жогорку соттун алдындагы Сот департаментине жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтына жарыяланган.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи — Урмат Кожомбердиев. Буга чейин ал Каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп иштеп келген.

"Мамлекеттик каттоо кызматына барганга чейин Кожомбердиев көп жылдар бою Сот департаментинде ар кандай кызматтарда иштеген. 2012-жылдан 2014-жылга чейин Сот департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми буга чейин департаментти башкарып келген Кубанычбек Капалов Жогорку соттун алдындагы Соттук иштерди аткаруу кызматынын начальниги, башкы сот аткаруучусу болуп дайындалганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0