Атамбаевдин уулу атасынын абалы кескин начарлаганын айтты. УКМК эмне дейт

© Фото / пресс-служба СДПКМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президенттин уулу атасына моралдык жактан басмырлоо болуп жатканын билдирип, ал жакындары менен айнек артынан гана көрүшүп жатканын жазды.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев атасынын ден соолугу кескин начарлап кеткенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал буга ушуну менен үчүнчү жолу жубайы жана балдары менен жолукканда кучакташып жүз көрүшө албай, айнектин артынан сүйлөшүүгө мажбур болуп жатканы себеп экенин билдирди.

"Жакындарында коронавирустан таза экенин далилдеген маалым каты болсо дагы жолугушуу кооптуу деп жатышканын түшүнбөй турам. Сот иштери боюнча башка кишилер менен көрүшүүдө. Өзүнүн айтымында, ага моралдык басмырлоо болуп жатат", — деп жазды ал.

Ал эми Атамбаев тергөө абагында кармалып турган УКМКнын маалымат кызматы мурдагы президенттин абалы туруктуу, эч кандай даттануу жок экенин билдирди. Ошондой эле анын ден соолугун күнү-түнү дарыгерлер көзөмөлдөп турарын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0