Билдирүүсү негизсиз! Өкмөт Абылгазиевден шек санаган Акаевге жооп берди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутаттар Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө отчет беришүүдө. Архив
Депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө отчет беришүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат буга чейин өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин билдирген.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Өкмөт мамлекетке таандык жыштыктарды сатууда мыйзамсыз иштерге барган деп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден шектенген депутат Жанар Акаевге жооп берди.

Эл өкүлү бүгүн парламенттин жыйынында өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин билдирген. Мындан улам премьер-министрдин ал ишке тиешеси бар деп шек санаган.

"Депутат Жанар Акаевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга премьер-министрдин тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз. Териштирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалыматыбыз бар. Өкмөттүн тергөө иштеринин жүрүшү боюнча комментарий берүүгө укугу жок. Анткени бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынат", — деп билдирүү таратты министрлер кабинети.

2009-2010-жылдарда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдердин VIP-шаарчасы кантип сатылган? 2,5 жыл иликтенген иштин чоо-жайы
Ошондой эле зарыл болгон учурда Абылгазиев жана өкмөттүн өкүлдөрү тергөөнүн алкагында иштин жагдайын объективдүү жана ар тараптуу иликтениши үчүн түшүндүрмө берүүгө даяр экени айтылат.

Акаев кеп болуп жаткан иштин алкагында Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова, УКМКнын башкармалыгынын жетекчиси, дагы бир кызматкер кармалганын айткан. Өкмөттүн аппаратында иштегендер да сурак берип жатканын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0