Каатчылык коркунучу жана ЕАЭБдин жаңы стратегиясы. Жыйынга сереп

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЗаседание Высшего Евразийского экономического совета в формате видеоконференции
Заседание Высшего Евразийского экономического совета в формате видеоконференции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйыны кечээ, 19-майда, онлайн-конференция форматында өттү. Ага биримдикке мүчө-мамлекеттин президенттери катышты.

Жыйында Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан сунушталган ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки өнүктүрүү боюнча дымактуу программасы көңүл чордонунда болду. Онлайн-конференциянын жүрүшүнө Евразиялык аналитикалык клубдун жетекчиси Никита Мендкович көз салган.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев DOSALIV SULTANЖогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны видео конференция форматында өттү. Биримдикке Кыргызстан, Россия, Казакстан, Белоруссия жана Армения мүчө.
Каатчылык коркунучу жана ЕАЭБдин жаңы стратегиясы. Жыйынга сереп - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны видео конференция форматында өттү. Биримдикке Кыргызстан, Россия, Казакстан, Белоруссия жана Армения мүчө.

План кызуу талаш-тартышка карабай, биримдикке мүчөлөр тарабынан жалпысынан жактырылды. Аны толук иштеп чыгып, оңдолгон вариантын быйыл октябрь-ноябрь айларынын аралыгында бекитүү, аны менен катар айрым зарыл маселелерди мамлекет башчыларынын эки тараптуу консультацияларынын жүрүшүндө макулдашуу тууралуу да чечим кабыл алынды.

Стратегиянын сунушталган долбоору экономикалык кызматташтыкты тездетүүчү 330 ар кандай чара жана механизмди камтыйт. ЕАЭБдин бардык аймагында евразиялык компаниялардын ишин жана өз ара инвестициялоону жеңилдетүү үчүн өлкөлөрдүн айрым юридикалык ченемдерин шайкеш келтирүү сунушталган. Ошондой эле экономиканы санариптештирүү жана мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө да кеп козголду. Бул товар жана каржы кыймылын өтө жөнөкөйлөштүрөт.

Бирок коронавирус жана ага байланышкан каатчылык күн тартибине жагымсыз түзөтүүлөрдү киргизип отурат. Рыноктордун карантиндик обочолонушу жана экономиканын солгундашы өңдүү учурдагы көйгөйлөр менен катар эле узак мөөнөттүү кооптонуулар да жок эмес. Дүйнөнүн булуң-бурчунда курчуп бараткан көйгөйлөр стагнация (экономикалык өсүштүн жоктугу) же ал түгүл 2020-жыл бою рыноктун төмөндөшү өңдүү коркунуч туудурат. Кырдаал ушунчалык тез жана олуттуу түрдө алмашууда. ЕАЭБ өлкөлөрү жаңы жаралган көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издөөгө аргасыз.

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүБиримдикке мүчө өлкөлөрдүн профилдик мекемелери соңку убакта жалаң гана пандемия жана эл аралык сооданын үзгүлтүккө учурашына байланышкан маселелер менен алек болушту
Каатчылык коркунучу жана ЕАЭБдин жаңы стратегиясы. Жыйынга сереп - Sputnik Кыргызстан
Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн профилдик мекемелери соңку убакта жалаң гана пандемия жана эл аралык сооданын үзгүлтүккө учурашына байланышкан маселелер менен алек болушту

Атап айтканда, Казакстан товарларды жалпы санариптик маркировкалоону киргизүүнү кийинкиге калтыра турууну өтүндү. Анткени ушул чактагы окуялар өлкө экономикасына катуу сокку урган. Жаңычылдыктарды киргизүү бюджетке жана бизнеске өтө күч келтириши мүмкүн.

Белоруссия жана Армения да экономикалык коркунучтарга тушуккандыктан, бирдиктүү газ рыногуна өтүүнү тездетүүнү сунушташты. Энергоресурстарды импорттоочу катары аталган өлкөлөрдүн экономикалык абалын бул жакшыртууга тийиш. Бирок Россиянын президенти Владимир Путиндин экономикалык интеграциянын азыркы деңгээлинде мындай кадамдын мүмкүн эместигин белгилеген пикиринен кийин бул маселени жылдырып туруу боюнча чечим кабыл алынды.

Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Путин ЕАЭБ алкагында кайсы товарды өндүрүүгө басым жасоо керектигин айтты
Сунушталган чаралардын бир бөлүгүн тийиштүү түрдө талкуулоого даярдык жок болуп чыкты. Негизинен биримдикке мүчө өлкөлөрдүн профилдик мекемелери соңку убакта жалаң гана пандемия жана эл аралык сооданын үзгүлтүккө учурашына байланышкан маселелер менен алек болушкан. Ошондон улам өз мамлекеттеринин башчылары үчүн сунуштарды иштеп чыгууга үлгүрбөй калган учурлар бар.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин жолугушуусунун күн тартиби да өзгөрдү. Алар адатта пикир келишпестиктерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берчү. Бирок ушул тапта күн тартибинде толугу менен антикризистик шашылыш чаралар камтылат.

Атап айтканда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Евразиялык экономикалык комиссиянын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө тиешелүү көптөгөн сунуштардын ишке ашырылышы ага түшүнүксүз экенин билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКасым-Жомарт Токаев Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрү Стратегиянын бардык пунктулары катышуучулар тарабынан макулдашылганы туурасында жарыялоого шашылганына кейиди. Анын пикиринде, иш дагы бүтө элек.
Каатчылык коркунучу жана ЕАЭБдин жаңы стратегиясы. Жыйынга сереп - Sputnik Кыргызстан
Касым-Жомарт Токаев Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрү Стратегиянын бардык пунктулары катышуучулар тарабынан макулдашылганы туурасында жарыялоого шашылганына кейиди. Анын пикиринде, иш дагы бүтө элек.
"Биримдикке мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөр менен соода боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнө катышуу укугун комиссияга берүү кошумча изилдөөнү талап кылат... Иш жүзүндө кандай болорун элестетүү кыйын", — деп белгилейт Казакстан президенти.

Токаев Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрү Стратегиянын бардык пунктулары катышуучулар тарабынан макулдашылганы туурасында жарыялоого шашылганына кейиди. Анын пикиринде, иш дагы бүтө элек. Азыркы калыбында көптөгөн сунуштар өтө радикалдуу көрүнүүдө, ал тургай коомдо туура эмес кабылданышы ыктымал.

Саясат таануучу, Пикир регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы Шерадил Бактыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бактыгулов: ЕАЭБ ичинде жеңилдиктерди киргизүү каралууда
Казакстандын президенти Евразиялык экономикалык комиссияны кеңейтүү маселесине абдан кылдат кароого жана күзгүгө пландалган жолугушууга чейин серепчилердин деңгээлинде дагы бир жолу талкуулоого чакырды. Бирок Өнүктүрүү стратегиясы жөнүндөгү маселелер боюнча талаштардын маанисин айрым маалымат каражаттары жазып жаткандай көбүртүп-жабыртуу жаңылыштык болмок. Дискуссия жумушчу мүнөздө өтүп, катышуучулар тез эле компромисске келип, регламенттин чегинен чыгышпады. Бул бир катар башка маселелерди, анын ичинде каботаждык жүк ташууну либералдаштыруу программаларынын жүрүшүн да талкуулоого шарт түздү. Айрыкча пандемия маалында транспорттук агымдын бузулушунан улам бул абдан маанилүү болуп жатпайбы. Ошондой эле уюмга жаңы өлкөлөрдүн байкоочу макамында кириши талкууланды.

Жалпысынан жыйындын жыйынтыгын чыгарсак, Евразиялык экономикалык комиссия жаңы масштабдык стратегияны кабыл алуу аркылуу интеграциялык процесстерди тездете албаганын айтсак болот. Жарым-жартылай ал өтө радикалдуу деп бааланды. Мындан тышкары, бир катар сунуштарды жүзөгө ашыруу үчүн алардын жол-жобосун иштеп чыгуу зарыл экени айтылды. Аларды ишке ашыруу күзгүгө пландалган.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЕАЭБ жаңы масштабдык стратегияны кабыл алуу аркылуу интеграциялык процесстерди тездете алган жок. Ал жарым-жартылай өтө радикалдуу деп бааланды. Мындан тышкары, бир катар сунуштарды жүзөгө ашыруу үчүн алардын жол-жобосун иштеп чыгуу зарыл экени айтылып, аларды ишке ашыруу күзгүгө пландалган.
Каатчылык коркунучу жана ЕАЭБдин жаңы стратегиясы. Жыйынга сереп - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ жаңы масштабдык стратегияны кабыл алуу аркылуу интеграциялык процесстерди тездете алган жок. Ал жарым-жартылай өтө радикалдуу деп бааланды. Мындан тышкары, бир катар сунуштарды жүзөгө ашыруу үчүн алардын жол-жобосун иштеп чыгуу зарыл экени айтылып, аларды ишке ашыруу күзгүгө пландалган.

Бирок коркунучтарга карабай программаны кабыл алуунун тегерегиндеги талкуу көз караштары бирдей болбосо да, биримдикке мүчө өлкөлөр күн тартибинде иш алып барып, орток пикирге келүүгө жөндөмдүү экенин көрсөттү.

Балким, пандемиянын оор шарттары жана ага байланышкан экономикалык каатчылык айрым стратегиялык пландарды түзөтүүнү талап кылышы ыктымал. Бирок жаралган көйгөйлөрдү жеңүүдө евразиялык блок биргелешкен ишти ишенимдүү жүргүзүп жатканына күбөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0