01:43 30 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
86 0 0

Мамлекет башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкөнүн жарандарын мекенге кайтаруу маселесин да козгошкон.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын ажосу Касым-Жомарт Токаевди телефон аркылуу туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Жээнбеков кесиптешине каалоо-тилектерин айтып, башка маселелерге да токтолгон.

"Мамлекет башчылар кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, коронавирустун жайылып кетүүсүнө каршы биргелешкен чараларды талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн жарандарын мекенге кайтаруу маселеси да козголду", — деп айтылат маалыматта.

Жээнбеков коңшу мамлекетке кыргыз жарандарын алардын аймагы аркылуу транзит менен алып өтүүдө көрсөтүлүп жаткан көмөккө ыраазычылык билдиргени кошумчаланды.

Эске салсак, Кыргызстандын Россиядагы жарандарын алып келүүдө Казакстан чек арасын ачып, коридор болуп берип жатат.

Тема боюнча

Казакстанда бекер билим алам дегендерге беш орун бар. Сынак жанданды
Белгилер:
чек ара, туулган күн, Казакстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ