"Дастан Жумабеков маселелерди айтып турат". Абылгазиев парламентке ыраазы болду

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев өкмөттүн коронавируска каршы күрөшүү чаралары мыйзамдык коштоолор аркылуу гана эффективдүү боло алганын белгиледи.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дайыма колдоо көрсөткөнү жана кызматташууга конструктивдүү мамиле кылганы үчүн Жогору Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков башында турган депутаттарга ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

“Жогору Кеңеш менен өкмөттүн конструктивдүү мүнөздөгү өз ара кызматташтык мамилеси абдан маанилүү. Эки бийлик бутагынын ортосундагы мындай ишенимдүү мүнөздөгү алака өкмөттүн Жогору Кеңештин алдындагы отчёттуулук принциптерин колдогон президент Сооронбай Жээнбековдун так позициясынын негизинде камсыздалды”, — деген  Абылгазиев.

Ал Жогорку Кеңеш мурда атамекендик экономикага кесепети тие турган саясий оюндардын ордосу болуп келгенин эске салды.

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн 2019-жылга берген отчётун колдоду - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн 2019-жылдагы ишин жактырды
“Кээде өлкө бюджетине олуттуу кыйынчылыктарды жараткан популисттик чечимдер кабыл алынышы мүмкүн болчу. Фракциялык жыйындар партиялык кызыкчылыктарга жетишүү үчүн ачык түрдө опузалоого жеткени, ал эми эл өкүлдөрү өкмөттүн ишине гана эмес, жада калса, айрым ишканалардын операциялык ишмердүүлүгүнө кийлигише алчу. Парламенттик күч ич ара министрлик орундар жана башка кызматтар үчүн ачык эле соодалашып, бөлүштүрүп келгени депутаттардын гана эмес, кеңири коомчулуктун да эсинде”, — деген өкмөт башчы.

Ошондой эле Абылгазиев депутаттар өкмөт мүчөлөрү менен дайыма байланышта болуп, маселелерди чечүүгө түздөн-түз катышып калганына токтолду.

“Төрага өкмөттүн ишине баа берүүдө объективдүү жана калыс болууга аракет кылат. Дастан Жумабеков маанилүү делген маселелерди парламенттин башкы трибунасынан гана көтөрбөстөн, айтылган маселелер боюнча жумуш процессинде байланышканыбызда өкмөт башчы катары мага айтып турат. Бул, албетте, парламент төрагасы менен премьер-министрдин позициясы дайыма дал келет дегендик эмес. Бирок үзгүлтүксүз пикир алмашуу жана кээде кызуу талаш-тартыштар келип чыккан көйгөйлөрдү тез арада аныктоого жана аларды чечүүнүн сапаттуу чараларын иштеп чыгууга оң таасирин тийгизет деп ишенем”, — деди премьер.

Абылгазиев өкмөттүн коронавируска каршы күрөшүү чаралары мыйзамдык коштоолор аркылуу гана эффективдүү боло алганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0