Уят кылган жигитти кызматка койдуңуз. Депутаттар төраганы айыптап чыгышты

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү спикерге фонддогу акчалардын пайдаланылышы жана кызматка дайындоо боюнча бир топ суроолорду узатышкан.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бир нече депутат төрага Дастан Жумабековдун алешем иштерин атап, мыйзам бузду деп айыпташты.

Мындай кептер спикердин "эгер парламент жакпаса, сиздерди эч ким кармабайт" деген сөзүнөн кийинки талкуу учурунда айтылды.

Эл өкүлү Жанар Акаев төрага депутаттарга болушуунун ордуна качан болбосун өкмөттү мактап, ода кылып ыр төккөн деңгээлге жетип калганын айтты.

"Өкмөт, күч органдары бизди кагып-силксе да унчукпайсыз. Сизге бир канча суроолорубуз бар. Буга чейин өкмөткө катасы толтура кат жазып, парламентти уят кылган кишини ЖК аппаратынын башчысы кылып койдуңуз. Ушуга жооп берип коюңуз. Атайын комиссия түзүп төраганын фондунан бөлүнгөн акчаларды, энчилүү кол саат, грамоталар кимдерге берилип жатканын текшерип чыгууну сунуштайм. Адилет карап, жүзүбүз жарык кетели", — деди Акаев.

Андан соң Каныбек Иманалиев чыгып спикер Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин башчылыгына билимсиз, мурда кылмыш жасаган адамды дайындаганын сынга алды.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тукумдан кыр издебегиле". Бакиров кызыл чеке болгон депутаттарды күлкүгө салды
"Биз эл аралык келишимдер менен иштегендиктен, комитеттин бөлүм башчысы юрист же чет тилди билген адам болушу керек. Сиз комитет менен макулдашпай туруп бир жигитти алып келдиңиз. Анын кылмыш иши бар экен, бүт эл шылдыңдап жатат. Комитеттин 14 мүчөсү парламентте иштеген, төрт тилде сүйлөп, мыйзамды билген кадрды сунуштасак, макулдашпай туруп аны дайындап койдуңуз. Ал бөлүм башчы азыр биз менен эсептешпейт", — деди Иманалиев.

Ошондой эле ал депутаттар мыйзам жазып өкмөттү колдошу керектигин айтып, мактагысы келгендерге эки комуз берип төргө отургузууну сунуштады.

Бул айыптоолор боюнча Дастан Жумабеков кийинчерээк жазуу түрүндө жооп бере турганын билдирди.

Ал эми Максат Сабиров "спикер парламентти шылдың кылып жатат" деп ар жакта айтып, жазып жатышканын белгиледи.

"Буга чейин сиздин түрдүү иштериңизди көрүп турсак да унчуккан эмеспиз. Сиз дагы бизге жакпай жатсаңыз кызматтан кет деп айтышыбыз керекпи?.. Алдагы жерде отургандан кийин сый-урматты билиңиз. Биздин башыбызды бириктирип турсун деп отургузганбыз. Анан бизди кет дегенге укугуңуз жок", — деди Сабиров.

Соңунда Жумабеков ар ким өзүнүн сынын билиши керектигин айтып, жыйынды андан ары улантты.

Жаңылыктар түрмөгү
0