Идеалдуу эмессиңер, сыйыңарды билгиле! Икрамов депутаттарды эсине келтирди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖК депутаты Тазабек Икрамов. Архив
ЖК депутаты Тазабек Икрамов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрага менен эл өкүлдөрү бир нече убакытка чейин жаакташып, биринин артынан бири ар кандай сөздөрдү айтып жаткан.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Төрага Дастан Жумабековдун “эгер парламент жакпаса, сиздерди эч ким кармабайт” деген сөзү эл өкүлдөрү арасында кызуу талкууга жем таштады.

Айрым депутаттар чыгып спикердин антип айтууга укугу жок экенин белгилеп, урмат-сый менен мамиле кылууга чакырышты. Өз кезегинде Жумабеков парламентарийлер дагы ар кандай сын айта бербей, ага эмне кылууну жана кантип сүйлөөнү үйрөтпөшүн талап калды.

Төрага менен эл өкүлдөрү бир нече убакытка чейин жаакташып отурушту. Акырында Тазабек Икрамов чыгып кесиптештерин эки жүздүү болбоого үндөдү.

“Ызы-чуу кылып жатасыңар. Бул жерде идеалдуу эч кимиңер жок, баарыбыз бири-бирибизди билебиз. Камерага карап жакшы сүйлөйсүңөр, ал эми кылган ишиңер такыр Кудай көргүс нерселер. Ушул жерде эки жүздүү адамдар отурасыңар. Семизиңер бар, кыйшыгыңар бар. Буларга эч кимибиз, эч нерсе дей элекпиз. Ошондуктан өзүңөрдү кармасаңар! Же бирөөңөрдү семиз же кыйшыксыңар деп атабызбы? Ошондуктан сыйыңарды билгиле, жакшынакай болгула!” — деп сөзүн жыйынтыктады Икрамов.

Ошондон кийин талаш-тартышка чекит коюлуп депутаттар күн тартибин кароого өтүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0