Депутат Жолдошбаев: коронавирус менен контрабанда бир тууган экен

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын пикири боюнча, коронавирус да, контрабанда дагы элге бүт жагынан зыян келтирген оору болууда.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып коронавирусту контрабандага салыштырды.

Ал вирус жуктургандар азайып жатканына карабай медиктердин айтканын аткаруу керектигин айтып өттү.

“Бул чатагыраак оору экен. Карасам, коронавирус менен контрабанда бир тууган экен да. Себеби булар элге зыян кылат экен. Бирөө өпкөдөн, бирөө жалпы жонунан кармайт экен. Ошон үчүн “муну жеңип алдык, алдыга чыктык” дебей медицина кызматкерлеринин айткандарын бир-эки ай бою сакташ керек”, — деди Жолдошбаев.

Соңунда ал жарандарды чет өлкөгө эс алууга чыгарбай, Кыргызстандын ичиндеги Ысык-Көл жана башка жактарга жөнөтүүнү сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0