Облустук жана райондук бир нече судья кызматынан кетти

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облустук жана Нарын райондук жергиликтүү сотторунун судьялары кызмат ордунан жеке каалоосу менен бошотулгандыгы айтылды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бир нече судьялардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Нарын облусунун Нарын райондук сотунун судьясы Эркинбек Мамбеталиев жана Ош облустук сотунун судьясы Мыктыбек Касымалиев жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан жеке каалоосу менен бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Соттор кеңешинин сунушу 7-майдан тарта Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы Нурия Бекбаеванын ыйгарым укуктары да токтотулганы маалымдалды. Ал мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу  бошотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0