Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн 2019-жылдагы ишин жактырды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн 2019-жылга берген отчётун колдоду
Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн 2019-жылга берген отчётун колдоду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйындын соңунда төрага сөз сүйлөп, өкмөттүн кемчиликтерин эле айта бербестен ийгиликтерине дагы көңүл бурууга чакырды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн 2019-жылга берген отчётун колдоду.

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентке келип, былтыр жасаган иштери тууралуу маалымат берди. 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Бет кабыңарды чечпегиле! Төрага Жумабеков депутаттарга улам эскертип жатат
Айрым депутаттар аткарылбай калган иштер тууралуу сындап, кээ бирлери сунуштарын айтты.

Соңунда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков өкмөттүн кемчиликтерин эле айта бербестен ийгиликтерине дагы көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле ал кээде “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” болуп, коюлган пландар аткарылбай жатканын белгиледи. Ал эми Абылгазиевге кайрылып, бул жылы парламентарийлердин сунушун эске алуусун сунуштады.

Натыйжада өкмөттүн өткөн жылдагы ишин жактырууга 96 депутат макул болуп, бешөө каршы добушун берди. 

Жыйын эртең менен саат 9.30да башталып, 19.00гө чейин уланды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0