Германия КРдеги долбоорлорду эмнеге токтотуп жаткандыгын түшүндүрдү

© flickr.com / Bandeira da AlemanhaГерманиянын желеги. Архив
Германиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германия мамлекети кызматташууну өнүктүрүү боюнча программасын жаңылаган. Натыйжада өнөктөш өлкөлөрдүн саны азаймай болгон.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Жакынкы жылдары Кыргызстан менен Германиянын техникалык жана каржылык кызматташуусунун эки тараптуу программалары аяктайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Бишкектеги элчилиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) узак мөөнөттүү, глобалдык реформаларынын натыйжасында Германия дүйнөдөгү кызматташууну өнүктүрүү жаатындагы ишине көбүрөөк көңүл бурат. Бул глобалдык көйгөйлөрдү алда канча мыкты чечүү үчүн жасалган. "BMZ 2030" реформасы Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министри Герд Мюллер тарабынан Берлин шаарында жарыяланган.

"Герман кызматташтыгынын мазмуну, процесстери жана түзүмдөрү өнүгүү максатын көздөп жаңыланып, өнөктөш өлкөлөрдүн саны кыскарат. Кыргызстан менен дагы башка өлкөлөр сыяктуу эле техникалык жана каржылык кызматташуунун эки тараптуу программалары жакынкы жылдары аяктайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул процесс GIZ жана KfW тарабынан ишке ашырылып жаткан программалар акырындап бүтөт дегенди түшүндүрөт. Ушул процесс боюнча жыл ичинде кыргыз өкмөтү менен консультациялар өткөрүлөт. Немис тарап "мурда макулдашылган же ишке ашырылып жаткан долбоорлордун бардыгы аяктайт" деп баса белгиледи.

"Пландаштырып жатканда учурдагы коронавирус пандемиясы жана анын кесепеттери эске алынат. Германиянын экономикалык өнүгүү жана ден соолукту чыңдоо жаатындагы көп жылдык салымы азыр коронавирус жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө маанилүү роль ойнойт. Бул үчүн Германия жакында кошумча каражаттарды бөлүп берди. Кризиске байланыштуу колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү каралууда", — деди элчилик.

Элчилик Германия кызматташтыкты 1993-жылы баштаганын жазды. Бул мезгилде Кыргызстан бир топ жетишкендиктерге ээ болгон. Демократия жана сөз эркиндиги саясий системанын маанилүү элементи болуп, бирок ошол эле учурда жашоо деңгээлди көтөрүп, жакырчылыкты азайтууга мүмкүн болду.

Заседание Совета Глав государств СНГ в Душанбе - Sputnik Кыргызстан
Өнүктүрүп, колдойбуз! КМШ өлкөлөрү кайсы багыттарда бири-бирине кол сунат?
"Өнүктүрүү кызматташтыгын токтотуу чечиминин бирден-бир себеби, Кыргызстан дүйнөдөгү эң муктаж мамлекеттердин катарына кирбей турганы менен түшүндүрүлөт", — деп жазылган маалыматта.

Немис тарап Германиянын башка көптөгөн федералдык министрликтеринин Кыргызстан менен кызматташуу программаларына BMZ реформасы таасир этпейт деп ишендирди. Экономика, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана маданият чөйрөсүндөгү мамилелер бекемделип жаткандыгын белгилешти. Мисалы, Германиянын Федералдык тышкы иштер министрлиги "Жашыл Борбор Азия" демилгесин улантууда. Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, экономика, билим берүү жана ички иштер боюнча федералдык министрликтер көптөгөн маанилүү маселелер боюнча Кыргызстан менен биргеликте иш алып барып жатышат.

"Ошондой эле учурдагы эки тараптуу программалар аяктагандан кийин Германия бир нече форматта (ЕС, БУУ, өнүгүү банктары) Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошо бермекчи", — деп убада берди Германия тарап.

Кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында иштеген көптөгөн бейөкмөт уюмдардын, анын ичинде саясий фонддордун ишмердүүлүгү мындан ары BMZ тарабынан каржыланары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0