АКШ өзөктүк технологиялар рыногунан Россияны сүрүп чыгара алабы? Пикир

© AFP / OLIVER BERGГерманиядагы Эшвайлер шаарында турган өзөктүк электр станциясы. Архив
Германиядагы Эшвайлер шаарында турган өзөктүк электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ өзөктүк технологиялар рыногун ээлеп турган Россия менен Кытайды четке сүрүп, бул жаатта өзү лидер болууну көздөп жатат. Sputnik радиосунун эфиринде аскерий баяндамачы Андрей Кошкин Вашингтондун ойлогонун жүзөгө ашыра алар-албасы тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. АКШнын Энергетика министрлиги Россия менен Кытайды өзөктүк технология рыногунан четтетүү максаты коюлган жаңы стратегиясын жарыялады. Ведомствонун сайтында айтылгандай, эми Кошмо Штаттар бул тармакта дүйнөлүк лидерге айталынышы керек.

"Натыйжада АКШ өкмөтү бүгүнкү азыр Кытай менен Россиянын мамлекеттик компаниялары үстөмдүк кылып турган рынокко чыгып, өзөктүк энергетика тармагында мыкты технологияларды экспорттоодогу лидерлик позициясын, ошону менен бирге жайылтпоонун катаал стандарттарын кайтарат", — деп жазылат президент Дональд Трамптын кароосуна жиберилген документте.

Министрликтин планы боюнча Россия менен Кытайдын "коңшулаш жайгашкан Чыгыш Европа жана Африка өлкөлөрү менен" байланышын бекемдеп алуусуна жол бербеш керек. Мындан сырткары, АКШнын өзөктүк жөнгө салуу комиссиясына "улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында Россия менен Кытайдан өндүрүлгөн өзөктүк отунду алуудан баш тартчу" укук берүү сунушталып жатат.

 Россиянын гиперүндүү курал системаларын сыноо - Sputnik Кыргызстан
РФ гипер үндүү курал боюнча АКШ менен сүйлөшүүдөн баш тартпайт. Бир шарт менен
РИА Новости белгилегендей, бул "Росатом" мамлекеттик корпорациянын компанияларына тийиштүү болушу мүмкүн. 2016-жылы аталган корпорация "ТВС-Квадрат" деп аталган өзөктүк отундун тажрыйбадан өткөрүү боюнча Американын АЭС операторлорунун бири менен алгачкы келишимге кол койгон.

Аскерий саясат таануучу Андрек Кошкин Sputnik радиосунун эфиринде АКШнын Энергетика министрлигинин билдирүүсө комментарий берди.

"АКШ ушу тапта планетадагы лидерлик идеясы үчүн баарын жасоодо. Эми өзөктүк курал рыногунун Кытай менен Россияны сүрүп чыгарууга киришти. Мындай билдирүү бүгүнкү күндүн чындыгы эмес экенин да түшүнүү керек. АКШ мүмкүнчүлүктөрдүн ажырап жатат, бардык жерде биринчи болууга шаасы жетпей калды. Муну коронавирус менен күрөшүп жаткан аракеттеринен деле байкоого болот, АКШ азыр эч кимге үлгү эмес. Ушул сыяктуу эле башка чөйрөлөрдө да улам артка сүрүлүүдө. Бирок аалам жардармы болууга даярдыгын көрсөткөн документтер дале бар. Россия да, Кытай да жогорку технологияларды ийгиликтүү өздөштүрүүдө, АКШ бул эки мамлекетти кууп жете албайт", — деди Кошкин.

Эксперт качандыр бир кезде АКШ айныгыс лидер болуп турганын белгилеп, бирок азыр дүйнө модели өзгөргөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0