Путин: Батыш атаандаштыктан коркуп, ЕАЭБ менен диалогго баргысы келбейт

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел совещание с членами правительства РФ
Президент РФ В. Путин провел совещание с членами правительства РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январынан тарта иштей баштаган эл аралык интеграциялык экономикалык бирикме. Курамында Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия бар.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттери, СССР кайра жаралат деген коркунучтарга карабай, үзүрүн берип жатат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин "Москва. Кремль. Путин" берүүсүндө айтканын "Вести" билдирди. 

"Бул артыкчылыктарды процесстин бардык катышуучулары сезип турат. Биз биргеликте алдыга, жаңы кадамдарды жасап бара жатабыз”, — деди Путин.

Маалыматка караганда, маекти Россия президенти өткөн жылдын октябрь айында берген. Бирок аны эфирде алгачкы жолу көрсөтүштү.

Путиндин айтымында, мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөр биригүү жолу менен атаандаштыктын деңгээлин көтөрөт. Анын үстүндө бул мамлекеттердин жарандарынын баары орус тилин билишет жана жалпы инфраструктурасы бар.

"Бул — интеграциянын дагы бир чоң артыкчылыгы", — деди ал.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин мигранттардын жашоосун жеңилдетти. Жаңы эрежелер
Батыштын Евразия экономикалык бирикмеси (ЕАЭБ) менен диалогго баргысы келбегенин Путин атаандаштыктан коркуу катары баалады. Ошондой эле ал бул аскердик же саясий эмес, экономикалык биримдик экенин баса белгиледи.

ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январынан тарта иштей баштаган эл аралык интеграциялык экономикалык бирикме. Курамында Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0