Жээнбеков Венгрияга расмий сапар менен барууну пландап жатат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПрезидент Сооронбай Жээнбеков. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Айдарбеков менен Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Сийярто телефон аркылуу сүйлөшүп, мамлекет башчынын сапарын талкуулаган.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдин Венгрияга болчу иш сапары сүйлөшүлүп жатат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков менен Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташуу менен катар эле мамлекет башчынын аталган өлкөгө бара турган сапары талкууланганы айтылган.

Андан сырткары тараптар COVID-19 менен күрөшүүдө бирдиктүү өз ара кызматташуунун зарылдыгына жана анын социалдык-экономикалык кесепеттерине токтолушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0