Жаңыдан мандат алган жаш депутат Бешимбаева менен Ибраев ант берди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Айгерим Бешимбаева
Депутат ЖК Айгерим Бешимбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңыдан кызматка киришкен депутаттар Осмонбек Артыкбаевдин жана Аида Исмаилованын ордуна келишкени маалым.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш депутатынын мандатын алган Айгерим Бешимбаева менен Самат Ибраев бүгүн парламенттин жалпы жыйынында ант берип, расмий түрдө кызматка киришишти.

Айгерим Бешимбаева “Республика — Ата Журт” фракциясынын тизмеси менен мандат алды. Ал вице-премьерликке дайындалган Аида Исмаилованын ордуна келди.

Ал эми Самат Ибраев Кыргызстан социал-демократтар партиясынын тизмеси менен Осмонбек Артыкбаевдин ордуна депутат болмокчу. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңеш депутаты Самат Ибраев
Жаңыдан мандат алган жаш депутат Бешимбаева менен Ибраев ант берди - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш депутаты Самат Ибраев

Артыкбаев Бишкек ТЭЦинин модернизациясына байланыштуу кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылып, мандатынан ажыратылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0