Жээнбеков түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитине катышат. Форматы — видеоконференция

Жазылуу
Жыйында коронавирус менен күрөшүүдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү маселеси талкууланат. Ага Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы катышары күтүлүүдө.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынына катышат. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Азербайжан республикасынын төрагалыгы астында өтө турган жыйында коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү маселеси талкууланат.

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Медиктерди камсыздагыла! Жээнбеков министр Абдикаримовду кабыл алды
Видеоконференция форматындагы жыйынга Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов катышат. Ошондой эле Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев да жыйында болот.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесустун катышары күтүлүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0