Саламаттык сактоо министринин жаңы орун басары дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрилиги
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрилиги  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин жаңы орун басары 58 жашта. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Жогорку билимдүү.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Нурболот Усенбаев саламаттык сактоо министринин орун басары — Кыргызстандын башкы санитардык врачы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

© Фото / Пресс-центр Минздрава КР Нурболот Усенбаев саламаттык сактоо министринин орун басары — Кыргызстандын башкы санитардык врачы
Саламаттык сактоо министринин жаңы орун басары дайындалды - Sputnik Кыргызстан
Нурболот Усенбаев саламаттык сактоо министринин орун басары — Кыргызстандын башкы санитардык врачы

Маалыматка караганда, жаңы орун басар 1962-жылы 23-апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун "санитардык дарыгер" кесибин аяктаган.

Эске салсак, буга чейин, 8-апрель күнү, министрдин орун басары Төлө Исаков өз каалоосу менен кызматынан кеткен болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0